Бетимди тунук сактагым келет, кандай кам көрүшүм керек? Косметологдун жообу
Саламатсызбы. Мен 16 жаштамын, бетимди тунук сактагым келет. Косметканы жолотпогонго аракет кылам, анткени бырыш түшүрүп алам деп корком.
65%дык кир самын менен жууп, “фруктовый витамин” деген крем менен анда-санда сүйкөп турам. Мага кеңеш бергилечи, бетимди кантип туура сактасам болот?
Асель Алымбаева
Косметолог
Саламатчылык. Эгер 16 жашыңызда бетиңиз тунук болуп эч кандай көйгөй жаралбаса, анда туура тазалап туруудан башка эч нерсе жасоонун кереги жок. Пайдалуу элементтер, витаминдердин бардыгы кан аркылуу жеткирилип турат, болгону туура тамактануу зарыл.
Ар дайым кир самын менен пайдаланган болбойт. Андан көрө териңиздин өзгөчөлүгүн эске алып (майлуу, кургак, нормалдуу), жууна турган гель жана тоник сатып алыңыз. Аны менен эртең менен жана кечинде колдонуу зарыл.
Өспүрүм курактан баштап тамактанууңузга көңүл буруңуз, фастфуд, таттуу, ачуу, майлуу тамактарды чектеңиз, газдалган суусундук ичпеңиз. Андан тышкары күндө 8 сааттан кем эмес уктоого шарт түзүңүз. Уйкунун канышы да теринин абалына чоң таасирин тийгизет.
Ийгилик!
Косметолог Асель Алымбаеваны инстаграмдагы @alymb_asel_cosmet баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Косметологдоун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Мен жигитмин, бетим кургай берет, эмне колдонушум керек? Косметолог жооп берет
Бетиме “детский крем” колдоно берсем болобу? Косметолог жооп берет
“Угрини” самын менен жууп кетирип жатам, бул туурабы? Косметолог жооп берет