Сүйлөшкөн кызым менин кызганчактыгыман тажады, эмне кылсам? Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Бир-эки жылдан бери сүйлөшкөн кызым бар. Төрт тарабы төп келишкен, жакшы кыз. Мен өзүм кызганчаакмын, ошонун айынан көп урушмай болдук. Кызганчаактыгыман тажаганбы, акыркы күндөрү мен айтканымды такыр кылбай койду.
Кээ бир окуялардан кийин ага бологон ишеничим кеткен, ошондон улам ага ишенбейм. Эмне кылсак болот? Бири-бирибизди сүйөөбүз, бирок пикир келишпестиктер өтө көп. Мурдагы мамилебизге кантип кайтсак?
Нургуль Барпиева
Психолог
Саламатчылык. Кызганычтын бир нече себеби бар. Негизгиси, адамдын өздүк баасынын төмөн болушу. Анткени алар, менден да жакшыраагын жолуктуруп калат, деп коркушат.
Ал эми сүйлөшкөн кызыңыз кызганууга себеп берип жатса, анда бул жөнүндө терең ойлонуу керек. Сизге мындай мамиленин кереги барбы? Эгер себеп бербесе, анда эмнеге кызганып жатасыз?
“Кээ бир окуялардан кийин, ага бологон ишеничим кеткен” дегенди кандай түшүнсө болот? Өтө кыска жазгансыз, ошондон улам көп суроолор жаралып жатат.
Жашоодо бир гана сүйүү аздык кылат, андан тышкары ишеним, сый-урмат, кечиримдүүлүк, камкордук болууга тийиш. Мамиленин үстүнөн иштеп, жогоруда санап өткөн сезимдердин жардамы менен түзөп кетсеңер болот. Ал үчүн эки тараптын бирдей аракет кылуусу зарыл. Түшнбөстүктөр, пикир келишпестиктер жаралса, психологго кайрылууну сунуштайм.
Психолог Нургуль Барпиева менен инстаграмдагы @nurguil_barpieva_psyhologist баракчасы аркылуу байланыша аласыз.