// //

Аялдар эмне эле болуп бара жатышат, үй-бүлөлү эркек менен деле мамиле куруп?

2020.10.25, 10:44
3007

Саламатсызбы. Силерден кеңеш алайын дедим эле. Жашым 32де, жолдошум менен турмуш курганыбызга 10 жыл болду, эки уулубуз бар.

Жакында жолдошумдун башка менен жүргөнүн билип калып катуу стресске кабылдым. Жарым жылдан бери сүйлөшүп жүрүшүптүр. Же бир жаш кыз болсо мейли го. Күйөөдөн ажырашкан, 4 баласы бар менден бир эле жаш кичүү аял экен.

Ал шуркуя барын билет экен, күйөөмдүн үй-бүлөсү, эки уулу бар экенин. Мен эч нерсе сезген жокмун. Мамилеси мурда кандай болсо ошо бойдон эле болчу. Кандайча билип калдым дебейсизби? Эки айдан бери күйөөм аны менен сүйлөшпөй калыптыр. Анан ал ызаланып телефонуна ар кандай СМСтерди жаза баштайт, аны мен көрүп калам.

Аялдар эмне эле болуп бара жатышат, үй-бүлөлү эркек менен деле мамиле куруп? Ойлоно берип уйкум качып, түнү менен уктабай чыгам.

Күйөөм менден кечирим сурады, “ал давно бүткөн иш” деди. Бирок мен ага ишенбей калдым. Бул кандай “измена” болду: эмоционалдык же физикалык? Бул кайра кайталанышы мүмкүнбү? Кантип унутам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.10.2020, 10:44

Эльвира Чокоева

Психолог

Саламатсызбы. Сиз чоң стресске туш болдуңуз, анткени көзгө чөп салуу – бул биринчи кезекте чыккынчылык. Эмоционалдыкпы физикалыкпы айырмасы жок. Сиздин күйөөңүз бир учурда башка аялды тандады. Менин сөздөрүмдү окуган жагымсыз болуп жатканын жакшы түшүнүп турам.

Башка аялды күнөөлөп жатасыз “Аялдар эмне эле болуп бара жатышат, үй-бүлөлү эркек менен деле мамиле куруп?” деп, бирок, бул процесске күйөңүз да катышкан да туурабы? Сиз анын күнөөсү жөнүндө кеп кылган жоксуз.

“Ал давно бүткөн иш” деп кечирим сураптыр. Өз күнөөсүн жууганга кандай аракет жасады? Ал сиз үчүн эмне кылгандан кийин күйөөңүздү кечире аласыз? Бул сөзсүз олутту жана баалуу белек болууга тийиш. Болбосо, ал ар дайым ушундай сөздөр менен кутулуп кете берет. А сиз болсо унчукпастан кайгыга батып, алданып, бактысыз жашооңузду уланта бересиз.

Дагы бир сөзүңүз көңүлүмдү бурду: “же бир жаш кыз болсо мейли го”. Демек, сиз үчүн жаш кыз менен жүрүп алганы нормалдуу нерсе. Андай боло турган болсо, күйөөңүзгө “измена” кылууга уруксат бермексизби?

Бул момент абдан маанилүү, эгер сиз эркектин солго барышын нормалдуу нерсе катары кабыл алсаңыз, демек мындай көрүнүш сиздин жашоодо орун алат. Ошондуктан өзүңүздүн ички дүйнөңүз менен иштешиңиз керек.

Мурункудай ишенич дароо кайта калбайт, ал үчүн убакыт жана күйөөңүздүн аракети керек.

Көзгө чөп салуу ар дайым күтүүсүз болот. Ар бир үй-бүлөдө мамиледеги кризис учуру болот. Андайга жол бербөө үчүн жубайлар жумасына бир жолу бири-бири менен убакыт өткөрүшү керек. Чогу кафеге, киного барып, паркка сейилдеп ж.б. Адатта үй-бүлө бала-чакасы менен гана алек боло берип, алар биринчи кезекте сүйүшкөн жуптар, аялы жана күйөөсү экенин эстен чыгарып коюшат.  

Бактылуу болуңуз.

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:

Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү

Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок

Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?

Өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйөм, канча аракет кылсам да унута албай койдум.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт