Күйөөм башка жакта жүргөндө “мага чалбай жүр” – дей берет. Эмне кылсам?
Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма бир жыл болду. Жолдошум менен сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз, экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөндө башка кыз менен да сүйлөшчү экен.
Кийин аны издеп таап алып, кайра сүйлөшүп жүрүшүптүр. Мен билип калганымда, “болду, жок кылам”, - деген. Көп өтпөй кайра эле баштаптыр.
Экөөбүз сүйлөшпөйбүз, сырдашпайбыз, башка жакта жүргөндө “мага чалбай жүр”, – дейт. Балалуу да боло элекпиз. Эмне кылсам, ажырашып кетсемби?
Асель Баимбетова
Психолог
Жубайлар жаңыдан баш кошкондо бир жылга чейин бири-бирин жакындан таанып-билгенге кетет. Бул учурда тандаган жарынан көңүлү калган адамдар көп эле кездешет. Балким силер да ошондой жуптардансыңар?
Күйөөңүз мамилеңерде көйгөй бар экенин билдирип жатат. Ортоңордо кандай маселелер болуп жатат? Же эмнелер болбой жатат? Эмне үчүн ал башка кыз менен сүйлөшүүнү көздөйт? Мамилени оңдоо үчүн эмне кылуу керек? Негизи эле мүмкүнбү? Буларды чогуу отуруп, ачык сүйлөшүү зарыл.
Эгер сиздин үй-бүлөнү сактап калуу аракеттериңиз ийгиликке алып келбесе, күйөөңүз сүйлөшүүдөн качса, айткандарыңызга көңүл бурбаса, укпаса жана мурунку сүйлөшкөн кызы менен байланышын үзбөсө, сизди алдаса, анда дагы ойлонуп көрүңүз. Сизге ушундай үй-бүлө, ушундай күйөө менен бир болуу канчалык деңгээлде керек?
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:
Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты
Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?
Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?
Ата-энем медреседе окушумду каалашат, а мен экономист болгум келет
Ажыраша турганыбызды балдарыбызга кантип айтбыз? Психологдун кеңеши