Ичимдеги баланын киндиги мойнуна оролуп калыптыр, эмне кылышым керек?
Саламатсызбы. Мен 33 жумалык боюмда бар. УЗИге барсам киндиги мойнуна оролуп калыптыр, суусу аз экен деди. Эмне кылышым керек?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. УЗИден баланын мойнуна киндиги оролуп калыптыр деген корутунду көп эле чыгат. Бул чындап ошондой болушу мүмкүн, бирок кээде киндиги жөн эле мойнун курчап турган болот, ал эми визуалдык түрдө оролуп калгандай көрүнөт. Мындайда баланын дем алуусуна комфортуна эч кандай коркунуч жаралбайт.
Ал эми суусунун аз болгону - олуттуу көйгөй. Анын себебин аныктап, дарылоо керек.
Аман-эсен көз жарып алыңыз.
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет