Аялым баламды эмизгенден баш тартты. Аны энелик укуктан ажыратсам болобу?
Менин аялым баланы эмизүүдөн баш тартты. Туулагндан бери эмизбейт, ар кандай тамактар менен багып келебиз.
Ошол үчүн мен аны энелик укугунан ажыратсам болобу? Жооп берип койбойсузбу?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомдук фондунун адиси, адвокат
Саламатчылык. Энесинин баланы эмизүүдөн баш тартышы, аны энелик укуктан ажыратуусуна негиз болуп бере албайт.
Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 74-беренесинин негизинде ата-эне (алардын бири) төмөндөгүдөй учурда ата-энелик укуктардан ажыратылышы мүмкүн, эгерде алар:
- ата-энелик милдеттерин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн кыянаттык менен качса;
- жүйөлүү себептерсиз өз баласын төрөт үйүнөн (бөлүмүнөн), болбосо дагы башка дарылоо мекемесинен, тарбия берүү мекемесинен, калкты социалдык жактан коргоо мекемесинен же башка ушуга окшош мекемелерден алуудан баш тартса;
- ата-энелик укуктардан кыянаттык менен пайдаланса;
- балдарга зөөкүрдүк жасаса, анын ичинде анын тулку боюна жана психикасына зомбулук көрсөтсө, жыныстык кол тийгистигине кол салса;
- аракечтик же баңгилик өнөкөт илдети болсо;
- өз балдарынын өмүрүнө же ден соолугуна, болбосо жубайынын же баланын ата-энесинин өмүрүнө же ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаса;
- жашы жетпеген өз балдарынын селсаяктыгына жол беришсе;
- бала эмгегинин эң жаман формаларына балдарды тартса.
Ата-энелик укуктан ажыратуу сот аркылуу гана жүрөт. Анда ата-энелик укуктан ажыратуу үчүн жүйөлүү негиз бар экенин далилдеп берүү зарыл.
Адвокат Ширин Алмазова менен @almazova__s инстаграм аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жерден окусаңыз болот:
Мурунку аялым кызым менен жолуктурбайт. Эмне кылышым керек?
Балам мектептен колун сындырып алды, кимде жоопкерчилик? Адвокат жооп берет
Күйөөм мени сабачу, эми милицияга арыз жазсам болобу? Адвокат жооп берет
Кызымды кайын эжеме жаздырууга каршымын. Менсиз өткөрүп албайбы?