// //

Келин алып келсем ата-энем үйдү сыртынан кулптап кетип калыптыр

2020.10.13, 11:30
29526

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир жигиттин баянын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

План боюнча экөө чай ичип отурганда келинин алып кирмекмин

“Келинибиздин колунан чай ичип отурсак кандай сонун болор эле.” Мен өтүп баратканда атам менен апам ушинтип кобурашып калышат. Атайылап айтып жатышканын билип турсам дагы, укмаксан болуп өтүп кетем.

Атам менен апам баш кошкондон бери балалуу боло алышпайт. Барбаган жери, көрүнбөгөн доктуру калбайт. Акыры экөө тагдырына баш ийип беришет.

Бирок, апам кырктан өткөндө кош бойлуу экенин билет. Атам экөө аябай сүйүнүшөт. Анан мендей мотурайган уулдуу болушат. Кыскасы, ата-энемдин жалгыз баласымын.

Экөөнү көп ирет катуу тамашаладым. Бир жолу келин алып баратам деп койсом, кой союп күтүп жатышыптыр. Андан мурун тамашалап сүйлөшкөн кызымдын боюнда бар дегем, “неберелүү болот экенбиз” деп туугандарга чейин жайып жиберишиптир. Тамаша экенин билишкенде урушпайт, терең үшкүрүп үйгө кирип кетишет.

Жалгыз баламын десем, жаман ойлобогула. Эркелеп чектен чыкпайм. Ата-энемди уят кылбай, татыктуу уул болууга аракет кылам.

Алина менен сүйлөшүп жүргөнүмдү ата-энеме айткан эмесмин. Эсептесем экөөбүздүн кыз-жигит болгонубузга эки жылдан ашыптыр. Колун сурагам, макулдугун берген. Атүгүл, болочок кайын-журтум менен таанышканга  үлгүргөм.

Ата-энеме сюрприз кылгым келген. План боюнча экөө чай ичип отурганда келинин алып кирмекмин. Алар сүйүнүп эмне кыларын билбей калышмак. Баары тескерисинен болду.

Сүйгөнүм экөөбүз жетелешип, досторубузду ээрчитип алып жөнөдүк. Дарбазаны тыкылдатсак эч ким жок. Шуулдаган бир досум ашып түшүп эшикти ачты. Кирсек үй чоң кара кулпу менен кулпулануу экен. Терезенин баары жабык. Апама чалдым.

- Апа, кайдасыңар?

- Аяш атаңдын үйүндөбүз.

- Качан келесиңер?

- Кеч чыгабыз го.

- Менде ачкыч жок да. Эртең менен албай кеткем.

- Досторуң менен жолугуп тур.

- Мен келин алып келдим.

- Ай, койчу ушу тамашаңды.

Телефонду басып койду. Ушуну көрмөкмүн. Айла жок күтмөй болдук. Баарыбыз эшиктин алдында алма жеп отурганыбызды көрсөңөр күлмөксүңөр.

Апамдар түндө келишти. Босогодо отурган келинин көргөн апам, биринчи жолу мени урушту. Таарынган жокмун, өзүм күнөөлүмүн.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт