// //

Кичинекей кайним “менин жок болгонум эле жакшы” деп көп ыйлайт. Кантип сооротом?

2020.10.07, 19:45
3702

Саламатсызбы! Мага психологдун кеңеши керек болуп жатат. Bilesinbi.kg сайтынын редакциясына ушундай каты менен бир келин кайрылды.

Бактылуумун бирок...

Турмуш канчалык татаал экенин турмушка чыгып, балалуу болгондон кийин гана түшүндүм. Бала бакыт экенин, ата-эненин кадыры бийик экенин, бир туугандарымдын мамилеси ыйык экенин...

Турмушка өзүм жакшы көргөн жигитке чыктым, колумду сурап, кадимкидей салт-санаасы менен алып кеткен. Азыр эки балалуу болдук, бактылуумун, бирок...

Жолдошум үй-бүлөнүн кичүүсү

Эки байкеси, эжеси, карындашы бар. Абысындарым, кайын эжем, кайын сиңдим, балдарын карап бергиле деп көп эле калтырып кетишчү. Эч кимисинин көңүлүн оорутпай, баарына макул болуп алып калам. Баланын түйшүгү канчалык оор экенин көбүңөр эле билсеңер керек.

Ошентип кайын сиңдим чет жака чыгып иштеп келели, деп эки баласын таштады, алар өтө эле кичинекей болчу.  Бир аздан кийин кайын агам келинчеги менен эки ара жолго түшүп, алардын уулу менен кызы да биздин колдо калды. Алар мектепте окуп калышкан.  Өзүбүздүн балдарды кошуп эсептегенде үйдө алты бала.

Эмне үчүн балдарды алып калууга макул болдуңар?

Деп сурашыңар мумкүн. Бирок биздин макулдугубуздун эч ким сурап койгон да жок. Биздин үйдө бардык маселени кайын энем чечет. Бардыгы ал айткандай болот.

Убакыт куштай учту

Үйлөнгөнүбүзгө төрт жыл болуп кетиптир. Ушунча убакыттан бери төрт бала биз менен. Бала деген бакыт, бирок ар кимисинин ар башка мүнөзү чыга баштайт экен. Бири сөз көтөрө албай ыйласа, бири кайым айтышып кирет. Аягында эмне кыларымды билбей, отуруп калам. Бала эмеспи, деп өзүмдү сабырдуу болууга чакырам.

Эмнеге урушканын билбейм

Бирок кайын атам байкебиздин кичүү баласын катуу урушуп койду. Сыртта тамак жасап жүргөн элем, үйгө кирип келсем ызы-чуу. Жүрөгүм түшүп, муунум калчылдап чыкты. Сегиз жаштагы бала боздоп ыйлап, кайын атама “Мен өлөм анда, мен өлөм!” деп кыйкырып жатыптыр.

Ошол күндөн тартып байкуш баланын көңүлү суз. Сүйлөсөң жооп бербейт, сабакка көңүлү жок. Бир күнү акырын жаныма чакырып алып сурасам “Мени эч ким жакшы көрбөйт, бары уруша берет. Менин жок болгонум эле жакшы, мен өлүп эле калайынчы” деп буркурап ыйлады. “Өлөйүнчү, өлгүм келип жатат” деп көп айтчу болду.

Ошондон бери менде тынчтык жок

Аябай коркуп калдым. Көрүнбөй калса эле, тынчым кетип, бир орунда тура албай калам. Сарысанаа болуп издеп жөнөйм, ага байкатпай артынан аңдып басам. Өзүмдүн да ден соолугум начарлай баштады, чарчадым, сабырым түгөндү.

Мага кеңеш бергилечи ага эмне деп айтам? Бул балдарга кандай мамиле кылуум керек? Кимисине эмне деп сүйлөөрүмдү билбей калдым. Канчалык жакшы мамиле жасап көңүлүн караган сайын тескерисинче болуп атпайбы.

Психолог Асель Баимбетова бул келиндин катына мындай деп жооп берди:

Сиздин боорукерлигиңизге жана адамгерчилигиңизге суктанып жатам. Абдан күчтүү жана чыдамкай аялзаты экенсиз.

Тилекке каршы сиз айтып жаткан балдардын ата-энеси өзүнүн балдарынын алдындагы милдеттерин аткара алышкан жок. Бул өз кезегинде алардын психикасына терс таасирин тийгизип жатат. Ата-энеси алыста жүргөн балдар өздөрүн эч кимге керексиз буюм катары сезишет. Алар “мен жада калса ата-энеме керек эмесмин” деп ойлонушат. Мындай ойлор алардын жүрүм-турумуна, мүнөзүнө кедергесин тийгизет.

Балдарга кандай мамиле кылышым керек, деп сурап жатасыз. Тилекке каршы, сиз толугу менен бардыгын көзөмөлдөй албайсыз. Себеби үйдөгү кырдаалды, атмосфераны сиз эле эмес, үйдө жүргөн башка чоңдор да жаратат.

Эгер кааласаңыз, ошого убакыт бөлүп, күчүңүз жетсе, ар бирине 5-10 мүнөт болсо да көңүл бөлүңүз. Сүйлөшүп, мактап, алдыңызга алып отуруп, же кучактоо керек. Себеби кичинекей балдар сөз аркылуу эле эмес, денеси аркылуу да контактыга муктаж. Алар ата-энесинин жылуу кучагына зар.

“Мен ар дайым жаныңда болом, мен сени эч качан калтырбайм, мен эч жака кетпейм”, деген сөздөрдү айтсаңыз болот. Анткени, баланын жашоосунда жок дегенди бир туруктуу жана ишенимдүү адам болууга тийиш.  

Андан тышкары балага жөнөкөй фразаларды айтып туруу керек. Мисалы: “сен ойгондуң”, “бүгүн сенин маанайың жакшы же сен капа болуп жатасың”, “сенин чачың узун”, “кофтаңдын өңү кызыл” ж.б. Бул сөздөр бала үчүн маанилүү. Анткени мени байкап жатышат, мен бар экенмин, мен кандай абалда экенимди көрүшөт, билишет, демек, мен керекмин деген бүтүмгө келет.   

Сиз бул балдар үчүн абдан көп нерсе жасап жатасыз.

Кичинекей балдарга тарбия берүүдөн мурун аларга жөн гана кам көрүү, курсагын тойгузуп, кийим кечесин түгөлдөп, алардын артынан жыйнап, жуунтуп-тазалантып тургандын өзү көп куч-кубатты талап кылат.

Бактылуу болуңуз!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:

Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты

Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?

Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?

Ата-энем медреседе окушумду каалашат, а мен экономист болгум келет

Ажыраша турганыбызды балдарыбызга кантип айтбыз? Психологдун кеңеши

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт