Кайын энем мен үчүн “Келинимдин күнү” деген майрам ойлоп тапкан
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет кайын энесин мактаган келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.
"Үч жыл мурун дал ушул күнү, саат 19:24тө башыңа ак жоолук салгам"
- Чоң рахмат апа! Аябай кооз экен! Чоң рахмат апа!
- Буйрусун алтыным, сага жакса болду.
- Дароо тагынып алайынчы.
- Кел өзүм тагып берейин.
Бул ирет бермет көздүү сөйкө алдым. Мурдагы жылы көйнөк, ага чейин кооз шарф менен мээлейлүү болгом. Иши кылып, келин болгондон бери колум белектен бошой элек.
Силерге бир нерсе айтайынбы? Күйөөмө караганда кайын энемди көбүрөөк жакшы көрөм. Бирок, муну күйөөм билбейт (күлүп).
Кайын эне десе оюбузга биринчи кезекте каардуу адамдын элеси келет. Ооба, балким андайлар көптүр, бирок жакшылары дагы аз эмес. Мисалы, менин кайын энем.
3-октябрь өздүк майрамым. Жок, туулган күнүм эмес. Кайын энем келин болуп келген күнүмдү календарга кызыл күн катары киргизип койгон. Ошондон кийин, жыл сайын ушул датада “Келинимдин күнү” деген майрамды белгилейбиз.
“Кызым, бүгүн сенин майрамың. Үч жыл мурун дал ушул күнү, саат 19:24тө башыңа ак жоолук салгам. Баламдын жубайы, үй-бүлөбүздүн мүчөсү болууга макулдугуңду бергениңе чоң рахмат. Сен келгенден бери бактыбыз тоодой. Ыраазыбыз сага!”
Апам сок көтөрүп тост айтты. Күйөөм гүл берип бетимден өптү. Кайын атам көзүн кысып чөнтөгүмө конверт салып койду. Кайын сиңдим өз колу менен тартылган сүрөт, кайын иним шоколад берди. Ыйладым. Мындай көз ирмемдерде өзүмдү кармай албай калам.
Келин болуу мага жакты. Буйруса мен дагы кайын энемдей болуп келиним үчүн өзгөчө бир нерсе ойлоп табам. Билесиңерби, кайын энем мага канчалык жылуу мамиле кылган сайын, мен ага эки эселеп үйрүлүп түшөм. Кайын энемди ушунчалык жакшы көрөм дейсиңер, кээде токтоно албай өпкүлөп жиберем.
Учурдан пайдаланып ыраазычылыгымды билдирип алайын. Апа, сизди аябай жакшы көрөм. Мен үчүн өзгөчө майрам ойлоп таап, ар дайым жанымда болуп, жаштык кылып ката кетирсем туура түшүнүп, жакшы сөзүңүздү аябай колдоп келгениңиз үчүн чоң рахмат. Сиздей адамдын келини болгонума сыймыктанам.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм
Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү
“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды
Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым
Суктануу менен окудум бактыныз туболуктуу болсун??Менин кайын энем жакшы нерседен да жаман бир себеп таап уйдо тынбай уруш чыгарганды жакшы корот,мен озум балким жаманмын деп ойлоп карасам торт абысынбыз баарына ошондой кылыктарды корсотконун коруп негизи ошондой адам экен да деп коюп тирилигимди улайм.Бирок кээде аябай жаман коруп кетем,жиним келет жада калса козун карап суйлогум келбейт.Айла жок кызымды жетим калтыргым келбегени учун чыдайм....