Боюмдан түшүрдүм, канча күндөн кийин жыныстык катнашка барса болот?
Саламатсызбы. Эки күн мурун шартка байланыштуу дары менен боюман түшүргөм. Мөөнөтү бир ай болчу. Эми канча күндөн кийин күйөөм менен кошулсам болот?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Медикаментоздук аборттон кийин кан аралаш бөлүнүп чыгуулар толугу менен токтогондо, жыныстык катншака барууга уруксат берилет. Бирок сөзсүз сактаныңыз, анткени кайрадан бойго бүтүп калышы мүмкүн.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет