// //

Бул диагноз тууралуу эч качан укпасаңыз керек

2018.12.24, 13:12
1201

Сиз мындай диагноз тууралуу эч качан укпасаңыз керек. Бирок, бул көйгөй чынында бар жана өтө актуалдуу. Себеби, көптөгөн наристелер ушунун айынан ооруканага жатып, майып болуп, айрым учурларда чарчап да калышы мүмкүн. Ошондуктан билип койгон оң.

Баланы силкилдетүү синдрому, балага кам көрүп жаткан чоң киши уйкудан калып, депрессияга түшүп, чарчап, ачууланган учурда өзүн кармана албай, ыйлап жаткан баланы катуу силкилдете баштаганда пайда болот. Анын натыйжасында наристенин мээсине кан куюлуп, шишик пайда болот. Бирок, сыртынан эч нерсе байкалбайт.

Жаш жана тажрыйбасы аз ата-энелер ошондой эле жалгыз бой энелер бул катачылыкты көбүрөөк кетиришет.

Провокациялоочу факторлор:

  • депрессия,
  • стресс,
  • ичимдик,
  • үй-бүлөдөгү чыр-чатак

Эсиңерде болсун! Эч качан баланы силкилдетпегиле! Эгер өзүңөрдү кармана албай жатканыңарды сезсеңер, баланы жаткырып коюп, бөлмөдөн чыгып кеткиле. Дароо туугандарга, досторго же кошуналарга чалыңыз.

Жаралган жагдай тууралуу үй-бүлө мүчөлөрү же соц.кызматкерлер менен сүйлөшкүлө. Жаныңарда жардамчы болгону жакшы. Жумасына жок дегенде эки жолу эс алып, уйкуңарды кандырып алганга шарт түзгүлө.

Эми “Наристени силкилдетүү синдрому” тууралуу маалымат алгандан кийин, үй-бүлө мүчөлөрү менен же балаңарды каралашкан киши менен сүйлөшүп бул тууралуу айтып бергиле. Кандай кесепеттерге алып келүүсү мүмкүн экенин билгендин өзү эле бир топ коркунучтардан сактап калат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт