Ата-энеси теңирчи жигитке турмушка чыксам эч нерсе болбойбу?
Саламатсызбы! Жашым 25те, эл катары чет өлкөдө иштейм. Кудайга шүгүр жашообуз жакшы. Билгим келген нерсе, бул "теңирчи" деген түшүнүк боюнча.
Сүйлөшүп жүргөн жигитим бар, турмуш куруу боюнча пландап жатабыз.
Жакында эле угуп калдым, анын ата-энеси отко, мал-жандыкка, ташка сыйынат экен деп.
Бирок жигитим менен сүйлөшкөндө жөнөкөй эле адамдардай болуп сүйлөшөбүз, сөздөрүнөн теңирчилик боюнча эч нерсе байкалбайт. Билгим келген нерсе жигитимдин ата-энеси теңирчи, өзү андай жолдо эмес болсо, турмуш курсак кийинки жашообуз кандай болот? Бирок жигитим менен ушунча убакыт сүйлөшүп аны да кыя албай кыйын абалда турам.
Кадыр Маликов
Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары, теолог
Эгер экөөңөр тең ислам динин кармансаңар, анда ал адамга турмушка чыга берсеңиз болот. Шарият боюнча ата-энесинин теңирчи болушу түз таасир бербейт. Айталы, алар силердин диний ишенимиңерге таасир берип, диниңерди алмаштырууга мажбурлабаса, анда көйгөй жок.
Бул жерде реалдуу абалды караш керек. Айталы, ата-энеси теңирчилер болсо, дин маселесинде уруш-талаш чыкпашы үчүн жаш үй-бүлөгө өз алдынча жашоого мүмкүнчүлүк берсе, анда турмушка чыга берсеңиз болот.
Исламда мусулман кыз мусулманга күйөөгө тийиши керек деген талап бар. Эң негизгиси болочок күйөөсү ислам динин карманышы керек, ата-энеси, туугандары ж.б тиешеси жок.
Дагы бир жолу айтам, абалды реалдуу көз караш менен караңыз. Анын ата-энеси силердин үй-бүлөлүк жашооңорго канчалык деңгээлде таасир тийгизет, үй-бүлөңөрдө тынчтык болобу, өз алдынча жашайсыңарбы дегендей.
Эгер алдын ала эле ата-энеси баласына таасир бере турганын, диний негизде туруктуу талаш-тартыш болорун билсеңиз, анда талап коюу жөнүндө ойлонушуңуз керек, мисалы, көйгөй болбошу үчүн башында бөлүнүп өз алдынча жашоо тууралуу.
Жалпысынан, ислам негиздерине ылайык кыз киши ата-энеси атеист болсо дагы, ислам динин карманган мусулман адамга турмушка чыгышы керек.