Презерватив менен туура колдонуу эрежелери. Ар бир адам муну билиш керек
2020.09.25, 17:07
8607
- Өзүңүздүн өлчөмүңүздү (размер) аныктап алыңыз.
- Презервативди сөзсүз аптекадан гана сатып алыныз. Базарлардан, киосктордон, интернет жана интим дүкөндөрдөн сатып алуудан алыс болуңуз.
- Сатып алаардын алдында презервативдин этикеткасында жазылган маалыматты дыкат окуп чыгыңыз.
- Эгер презервативдин тангагы бырышкан, тешилген, ачылган же мөөнөтү өтүп кеткен болсо колдонбоңуз.
- Презервативди капталга жылдырып тышын этияттык менен ачыңыз. Ачканда кайчы, бычак, тырмак менен колдонгон болбойт, презервативди кесип же айрып алышыңыз мүмкүн.
- Презервативди чыгарып бир сыйра карап чыгыңыз. Эгер ал батташып жабышчаак болсо, же кургап калса, өңү башкача боло түшсө колдонбоңуз.
- Презервативди сперма үчүн атайын чөйчөкчөсүнүн (резервуарынын) учун манжаларыңыз менен кысып кармап, ичиндеги абаны чыгарып салыңыз.
- Эрекция болуп турган жыныс мүчөнүн түбүнө чейин презервативди кийгизиңиз.
- Эгер презерватив ордунан жылып кетсе, же тытылып калса, дароо чечип башкасын колдонуңуз.
- Ар бир жыныстык актыда жаңы презерватив колдонуу зарыл. Колдонгон презевативди кайрадан колдонууга болбойт.
- Аналдык секс учурунда ар дайым лубрикант (атайын майлоочу каражат) колдонуңуз. Бул презервативдин айрылып кетүүсүн жана физиологялык жаракат алуусун алдын алат.
- Эякуляциядан кийин презервативди четинен кармап жыныс мүчөнү чыгарыңыз. Презервативди чечип, сперма агып кетпөөсин деп оозун түйүп коюу керек. Колдонулган презервативди кагаз салфеткага ороп, таштанды салына турган чакага ыргытып салыңыз.
Эсинизде болсун! Презервативди туура жана ар дайым колдонуу ВИЧтен, жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулардан жана күтүлбөгөн кош бойлуулуктан сактайт.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.