// //

Эркек бала жыныс мүчөсүн кантип жууш керек? Урологдон 10 кеңеш

2020.09.18, 14:51
14236

Көпчүлүк ата-эне баланын жыныс мүчөсүн самын менен жууп коюу интимдик гигинена деп санап, баарын оңой көрөт. Бирок, иш жүзүнө келгенде, көптөгөн суроолор туулат. “Кортекс” клиникасынын адиси, уролог Азат Бейшенов эркек баланын интимдик гигиенасы тууралуу айтып берет.

1-кеңеш

Ымыркайларды күнүнө бир жолу киринтет. Ошондо жыныс мүчөсүн кошо жууп коюу жетиштүү. Ал эми өспүрүм балдар күн сайын жыныс мүчөсүн жылуу суу жана самын менен жууп турушу керек. Мүчөсүнүн башын ачканды унутпасын, себеби ал жерге “смегма” топтолуп калат.

Смегма - бул тер, теринин куурап калган клеткалары жана нымдуулуктан пайда болгон секрет. Ал жыныс органдарынынын гигиенасы жетишсиз бологон келип чыгат. Өңү агыш түстө болот.

2-кеңеш

Жыныс мүчөнү жуугандан мурун колду тазалап жууп алуу сунушталат.

3-кеңеш

Жыныс мүчөнү артка түрүү боюнча айта кетсек. Алгач баланы педиатр же уролог көрүш керек. Эгер алар артка түрсө болот десе, ошондо гана уруксат берилет.

Себеби, айрым учурларда жыныс мүчөнүн териси ичке болот, аны артка түргөндө мүчөнү кысып, кайра ордуна алып келейин десең түрүлбөй калышы мүмкүн.

4-кеңеш

Жыныс мүчөнү марганцовка же кир самын менен жууштун кажети жок.

5-кеңеш

Балдарга арналган самынды колдонгон оң, анткени ал боёкторсуз жана жыпар жытсыз болот, аллергия кылбайт.

6-кеңеш

Жууп бүткөндөн кийин самын калбагандай кылып жакшылап чайкоо керек.

7-кеңеш

Ич кийими сөзсүз түрдө пахтадан тигилген болсун. Себеби, жасалма синтетика материлдар тердетет, тери сыйрылып түшөт, кычыштырат, жагымсыз жытты пайда кылат.

8-кеңеш

Балдар үчүн боксер (парашют) турсалар ылайыктуу, анткени алар бош жана жумурткалар үчүн атайын тигилген жери бар. Себеби уруктар жетилип өз функциясын аткара баштаганда жумуртканын температурасы дененин температурасынан беш градуска төмөн болушу керек. Ошондо гана ал жерде нормалдуу сперматазоиддер өсөт.

Ал эми тыкыс труса (шым дагы) кийгенде жумурткалардын температурасы дененики менен бирдей болуп, уруктар өз функциясын нормалдуу аткарбай калышы мүмкүн.

9-кеңеш

Заара кылаар алдында сөзсүз колду жуу керек. Заара кылып бүткөндөн кийин жакшылап силкүү зарыл. Сийдик калып калса, турсийине тамып, кургаганда жагымсыз жытты пайда кылат.

10-кеңеш

Бул жөнөкөй гигиена эрежелерин сактабаганда – фимоз, эпидидимит, баланопостит, простатит сыяктуу ооруларга чалдыгат.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат

Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш

Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет

Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт