// //

Симфизит деген диагноз менен удаа төрөй берсе болобу? Гинеколог жооп берет

2020.09.18, 10:07
5836

Саламатсызбы. Мен биринчи баламды Симфизит 12 мм деген диагноз менен кесердик кесүү аркылуу төрөгөм. Азыр балам 11 ай болуп калды. Жакында дагы боюма бүткөнүн билдим. Удаа төрөй берсем болобу? Жана боюнда бар кезде баланы эмизе берсе болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.09.2020, 10:09

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Негизи, симфизиттен кийин 3 жылга чейин тыныгуу алууну сунуштайбыз. Себеби ушул мезгил аралыкта аял кишинин организми толугу менен калыптанып жетишет.

Албетте, кээде кыска убакыттын ичинде эле бойго бүтүп калган учурлар болот. Мен сизге травматологго кайрылып, консультация алыңыз деп кеңеш бермекмин. Ал кош бойлуулукту алып баруу тактикасын аныктайт.

Эмизе берсе болобу деген экинчи сурооңуз боюнча: эгер улуу балаңыз өтө кичинекей болсо, бойго бүткөндөн кийин 3 айга чейин эмизүүгө уруксат берилет.

Аман-эсен көз жарып алыңыз.

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:

Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?

УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?

Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?

Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?

Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт