// //

Күйөөмдүн паспорту жок эле кызыма документ жасата аламынбы? Адис жооп берет

2020.09.17, 12:45
1200

Саламатсызбы. Беш жаштагы кызым бар, россияга туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен келгенбиз. Атасы менен ажырашып кеттик, кызыма загран паспорт алайын деп жатсам, өзүнүн паспортунун көчүрмөсүн бербей, качып жүрөт. Күйөөмдүн паспорту жок эле кызыма документ жасата аламынбы? Биз учурда Россиядабыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.09.2020, 12:46

Бакай Алишеров

КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Саламатчылык. Эгер сизде “жалгыз бой эне” деген соттун чечими бар болсо, “баланы чет өлкөгө өз алдынча чыгара алат” деген уруксатыңыз болсо, анда эч кандай көйгөй жаралбайт. Кызыңызга жарандык паспорт жасата берсеңиз болот.

Ал эми андай чечим жок болсо, тилекке каршы, кызыңыздын атасынын макулдугу жок балага паспорт жасата албайсыз, демек эч жака кете албайсыз. Чет өлкөгө чыгарууга уруксат берилбейт жана бул мыйзам бузуу болуп саналат.

Кошумча маалыматты 119 номерине чалып сурап алсаныз болот.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Паспортко тиешелүү суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:

Паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткендиктен банктагы акчамды ала албай жатам

Жакында төрөйм, паспортум шаарда калды, төрөт үйүнө барсам мени кабыл алышабы?

Паспортко документтерди Кыргызстандан тапшыргам, РФтеги элчиликтен алсам болобу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт