// //

Жатынымда суу бар экен, ушундай да болушу мүмкүнбү? Гинеколог жооп берет

2020.09.17, 10:01
2157

Мен жакында УЗИге түшсөм маткаңда суу бар экен дейт, ушундай да болушу мүмкүнбү? Эгер аялда воспаление бар болсо күйөөсүнө өтөбү? Себеби күйөөм жыныс мүчөм ооруйт дей берет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.09.2020, 10:03

Светлана Кодрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Ооба, ушундай болушу мүмкүн. Жатынды ичинен каптап турган былжыр чел нормада бир канча суюктук бөлүп чыгарат. Ал коргоочу функцияны аткарат, андан сырткары органдын кыртыштарынын бири-бири менен чапташып калуу коркунучунан коргоп турат.

Бирок сезгенүү процесси башталганда андай суюктук адаттагыдан көбүрөөк бөлүнөт. Жатындын моюнчасы бүтөлүп же ичкерип кеткенде суюктуктун агып чыгышы кыйындайт, ал көңдөй жерлерге топтолуп калат.

Анын себебин аныктоо үчүн гинекологго көрүнүү зарыл.

Ошондой эле аялы менен күйөөсүнүн жыныстык органдарынын флорасы бирдей болуп калат. Ошондуктан экөөңөр бирдей дарыланышыңар керек. Жолдошуңуз да сөзсүз урологго көрүнсүн.

Ден соолукта болгула!

 

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:

ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка

Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт