// //

Өгөй атам апамдын үйүнө кызыгып үйлөнгөн экенин кийин билдим

2020.09.16, 15:46
8987

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш жигит жөнөткөн баянды жарыялайбыз. Эскертүү, каармандардын аты өзгөртүлдү.

Кош апаке! Сага берген убадаларымды сөзсүз аткарам! Сен болгону тынч укта

Боз үйдө апамдын жаш кезиндеги сүрөтү илинип турат. Мынча сулуу... Аты жаман оору болбогондо ушул бойдон калмак. Эмнеге жакшы адамдар эрте кетет?

Атам төрт жашымда каза болуп калган. Чынын айтсам кандай адам экени деле эсимде жок. Сегизинчи класста окуп жүргөндө апам Аскат байке менен тааныштырды. Үйгө келсем экөө чай ичип мени күтүп отурушуптур. Саламдашпай бөлмөмө кирип кеттим.

Кечинде турмушка чыгарын айтты. Кызганып ыйладым. “Уулум сен менин эң жакын адамымсың. Сенин ордуңду эч ким баса албайт. Аскат жакшы адам, бат эле тил табышып кетесиңер. Кел, мени карап күлүп койчу. Кана, кана бетиңдин уячалары.” Кытыгылап кирди.

Аскат байке мурда ажырашкан, үч баласы бар адам экен.

Бир жыл өтпөй “ата” деп калдым. Баары бир атанын өз орду болот окшойт. Апама айта албаган сырларымды аны менен бөлүшө турган болдум. Кеңештерин берип, көйгөйлөрүм болсо чечип, ар тарабымдан колдой баштады. Экөөбүздүн тил табышканыбызды көргөн апам өзүнчө бактылуу.

Апамдын чакан дүкөнү бар болчу. Мага там салып берем деп күнү-түнү иштечү. Акыры жер алып чоң үй тургуздук. Документтерине келгенде мен университетке тапшырып, апам ооруп бошобой калдык. Ошондо Аскат байке убактылуу өзүнө каттатып турмай болду. Биз ага ишенгенбиз.

Апам оорудан кайтыш болду. Ал күндү эстегим дагы келбейт.

Сабактан келсем буюмдарым сыртта туруптур. Дарбазаны тыкылдаттым.

- Эмне жаап алдыңыз?

- Сен чоң эле баласың, жаман-жакшы айтышпай өз жолуң менен кет.

- Түшүнбөдүм.

- Аялым менен жараштым, эртең балдарым келет. Кыскасы, бул жерде ашыкчасың.

- Үй апамдыкы!

- Апаң жок!

Эшикти жаап кирип кетти. “Балаңды эч качан таштабайм! Камсанаба!”. Апама ушинтип убада берген.

Азыр менде баары сонун. Жумушум, сүйүктүү жубайым, үйүм бар. Болгону апам жок. Баса, кечээ апамдын эски курбусун көрдүм. Эже менен бир сыйра ыйлап алдык. Ошондо сөздөн-сөз чыгып отуруп ачуу чындыкты уктум.

- Дароо эле ооруң жөнүндө билеби дедим. Ошондо Аскат үчүн бул маанилүү эмес экенин айткан. Аскаты таанышканда эле жаккан жок. Жүрөгүм бир нерсени сезген. Апаң сыртка чыгып кеткенде, “баласына үй салам деп жүргөнү чынбы” деген. Ошондо маани берген эмесмин.

- Токтосоңуз, Аскат байке апамдын оорулуу экенин, аз өмүрү калганын билип үйлөндү беле?

- Ооба, апаң оорусун ойлонбосун деп сага айткан эмес, бирок башкалардын баары билчү. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт