// //

Төрөт үйүнө барсам, тогуз ай боло элексиңер деп кайра үйүмө жөнөтүштү

2020.09.16, 11:30
1489

Саламатсызбы. Учурда 35 жумалык боюмда бар, биринчи төрөтүм. Ай толгоо болгонунан роддомго барсам тогуз ай боло элексиңер, 3 күн чыдап, өтүп алгыла дешти. Эч нерсе жумуш кылбай, тынч жат деп свеча жазып берди.

Бирок свеча койгон күндөн баштап оору бир азаят, бирде катуулайт. Суу келген жок. Ошол свеча жатындын моюнчасын катырып койдубу, деп ойлонуп жатам. Сөөктөрүм ооруп, олтуруп-турушум кыйындап калды.

Эмне кылсам? Кандай кеңеш бере аласыз? Негизи канча жумадан кийин төрөгөнгө мүмкүн болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.09.2020, 11:31

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. 37 жумадан 40 жумага чейинки мөөнөт төрөт үчүн эң оптималдуу болуп саналат, жана бала да толук жетилген болот. Сиз төрөт үйүнө барганыңызда стимуляция жасашкан жок, себеби сиздин организм али төрөткө даяр боло элек болчу.

Бардыгында төрөт ар башка болот, ошондуктан сөзсүз эле толгоонун алдында суу кетиши керек деп ойлогон туура эмес.

Азыр сүрөттөп жаткан ооруксунуу төрөт башталганга чейин 1-2 жумага чукул созулушу мүмкүн. Ал эми доктурлар жазып берген свеча төрөт процессине, жатын моюнчасына эч кандай таасирин тийгизбейт. Ал жагынан сарысанаа болбой эле коюңуз.

Эгер сиз баланын кыймылын сезсеңиз, тамакка табитиңиз жакшы болсо, баш оору болбосо, жүрөгүңүз айланбаса, шишибесеңиз, кан кетпесе, демек бардыгы жайында.

Жогоруда аталган белгилердин бири эле болсо, суу кетип, толгооңуз улам-улам кайталанып жатса, төрөт үйүнө жөнөңүз.

Аман-эсен көз жарып алыңыз. Төрөтүңүз жеңил өтсүн!

Бул жерден төрөт учурундагы дем алуу техникасы, жана анын кандай пайдасы бар экенин окусаңыз болот. 

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:

Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?

УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?

Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?

Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?

Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт