// //

Жыныс кыны эмне себептен кургап кетет? Гинеколог айтып берет

2018.12.21, 12:43
7100

Жыныс кынындагы жагымсыз кургактык, ар кайсы куракта жана ар кандай себептерден улам пайда болушу мүмкүн.

Негизи жыныс кыны климакстын алдында кургап баштайт. Бирок, акыркы убакта бул көйгөй менен жаш келиндер, кыздар көп кайрылууда.

Белгилери:

  • ыңгайсыздык жаратат
  • ачышат
  • кычышат
  • сийгектейт
  • жыныстык катнаш учурунда оорутат.

Себептери абдан көп

  • Энелик безин алдырган болсо
  • Эндометриоз
  • Жыныстык жол аркылуу жукчу инфекциялар
  • Вагинит
  • Герпес
  • Начар иммунитет
  • Стресс, депрессия
  • Туура эмес тамактануу
  • Гормоналдык бузулуу
  • Ар дайым чарчаңкы абалда жүрүү ж.б.

Диагнозду гинеколог гана коет

  • Креслого отургузуп алып текшерет
  • Флорага мазок алат
  • Кольпоскопия жана видеокольпоскопия аспаптарынын жардамы менен карап чыгат.

Дарылоо оорунун пайда болгон себептерине жараша жүргүзүлөт.

Эч качан өз алдынча дарыланбагыла!

Жыныстык гигиена эрежелерин сактап, гипоаллергиялык антисептиктерди колдонгула.

Баарыңарга ден соолук каалайм!

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт