// //

Чоң энемдин кыркылыгы өтпөй жатып кыздары шакегин, балдары койлорун талашышты

2020.09.15, 16:03
9126

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир чоң энесинен айрылган неберенин баянын жарыялайбыз. Эскертүү, каармандардын аты өзгөртүлдү.

Чоң энемдин чоң тамы, чакан дүкөнү, эки уюу, отуздай коюу, тогуз тоогу бар эле

Уфф... Тажап кеттим. Дагы ызы-чуу. Жөн китеп окутпай коюшту. Кой, курбума барып келейинчи.

Балдарынын баары чоң энемдин өлүмүн күтүп тургандай сезилди. Кыркылыгы өтпөй жатып мүлкүн бөлүштүрүп киришти. Жылына бир жолу чалып койгонго жарабаган улуу баласы да жетип келиптир. Чын, мен аны биринчи жолу көрүшүм. Кебетеси чоң апама окшош болгону менен, жүрөгү кара экен.

- Көзү кызыл алтын шакеги кана?

- Аны мен алдым.

- Эмнеге сен аласың?

- Кыздары алат, алып кел бери.

- Бербейм, күйөөм ала бер деди.

Үйдүн ичинде кыз-келиндери кийимдери менен алтындарын бөлүштүрүп жатса, уулдары сарайдагы койлорун талашып жүрүшөт.

Баарын чогултуп туруп “Эсиңерге келгиле!” деп силкилдетип салгым келди. Аттиң, күчүм жетпейт, мен болгону небересимин.

Чоң апам сонун киши болчу. Өз ата-энеме караганда ошол адамга жакын элем. Ата-энем келери кеч жумушта, мага убактысы деле жок. Кээде кызы бар экенин унутуп деле калышат.

Сабактан келатып чоң энеме кайрылып кетем. Мени күтүп эшигинин алдында отурган болот. Экөөбүз чогуу кобурашып чай ичебиз. Кээде “Айтуш, бүгүн жатып кетчи” деп алып калат.

“Үйдү кичүүсү алат? Эмнеге силер жанталашып жатасыңар?” Экинчи баласы түндө үйүбүзгө келиптир. Атам экөө таң атканга чейин ызылдашты. Сабакка уйкум канбай барды.

Чоң энемдин чоң тамы, чакан дүкөнү, эки уюу, отуздай коюу, тогуз тоогу бар эле. Ошону алты баласы бөлө албай убара. Мындай карасаң, өздөрүнүн эки кабат үйлөрү, алдында Лексустары бар. Буларга эмне жетпейт түшүнбөй койдум. Апасы экинчи келбей турган жакка кеткени менен эч кимдин иши жок. Баарынын көзү дүйнө болуп калыптыр.

Күн сайын чоң энемдин жүз аарчысын жыттап алып ыйлайм. Ушул жүз аарчыга мага деп мейиз, конфет, өрүк бекитип, төшөктөрдүн арасына тыгып койчу эле. Чоң эне мен сизди сагындым...

Сот мүлкүн бөлүп бергенден кийин акыры тынышты. Экөө үйүн сатып акчасын алды, экөө дүкөнүн, калганы мал-жанын айдап кетишти. Чоң энемден чөнтөгүмдөгү жүз аарчыдан башка эч нерсе калган жок. Эмнеге адамдар мынчалык ач көз!?

Эртеби-кечпи силер деле чоң энемдин артынан барасыңар. Ошондо, балдарыңар кудум өзүңөрдөй болот.

Кечээ түшүмө чоң апам кирди. Ак жоолук салынып көк шиберде отуруптур. “Айтуш, сен гана мени эстейсиң. Садагаң болоюн, ыраазымын сага.” Эртең менен турсам ушул сөзү эсимде калыптыр. Аябай сүйүндүм. Мен сизди эч качан унутпайм чоң эне! Эч качан! 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт