Коңшубуз көп кабат үй салып жатат. Бизден уруксат алышы керек беле?
Арча-Бешик конушунда турабыз. Биздин жаныбыздагы кошуна үй сатылган. Ал жерге 5-6 кабат үй салынып жатат. Негизи, бизден уруксат алышы керек беле? Биздин кандай укугубуз бар?
Айжан Базаркулова
“Академик” юридикалык компаниясынын адиси, юрист
Саламатчылык. Албетте, көп кабаттуу үй курулуп жаткан учурда тилкеге ыктай жайгашкан кошуналардын макулдугун алуу талап кылынат. Балким, сиз жашаган үйдү же жер тилкени сатып алганга чейин эле мурунку ээсинен макулдугун алган.
Тактоо үчүн Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгына кайрылып, көп кабаттуу үй куруу үчүн архитектуралык документтерди ырастоодо, коңшу турган жашоочулардын макулдугу бар же жоктугу жөнүндо билсеңиз болот.
Эгер жок болсо, ушул эле органга арыз менен кайрылып, курулуш ишинин жүрушүндө мыйзам бузулганын, ага карата тиешелүү чара колдонууну сураныңыз. Арызыңызга канааттандыраарлык жооп ала албасаңыз, Курулуш иштерин токтотуу жөнүндө доо арыз менен сотко кайрылууга укугуңуз бар.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Юрист Нургазы Абдувалиев менен инстаграмдагы @academic.kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Бул жерден башка юридикалык суроолорго жоопторду окусаңыз болот:
Тигүү цехинин кожойкеси акчамды бербей жатат. Укугумду кантип коргойм?
18 жаштан өткөндөн кийин алкоголдун, тамекинин зыяны азыраак болобу?
Көп жолу дело ачтырсам да алиментти көбөйтүп бере алышкан жок. Эмне кылам?