Мен 19 жаштамын өзүмдү кантип табам? Психологдун кеңеши
Мен 19 жаштамын, өзүмдү кантип табам? Бир жумушту баштайм, бир-эки ай кылам, андан кийин жасагым келбей калат. Психологияга, бизнеске байланышкан көптөгөн китептерди окудум, эч кандай жыйынтыкка келген жокмун.
Бир туруп психолог болгум болуп кетет, кайра эле ал нерсени жасагым келбей калат. Эмне кылышым керек? Мага кеңеш бергилечи?
Нургуль Барпиева
Психолог
Саламатчылык. Бир жумушту баштап аягына чыкпай таштап салганыңыз, өзүңүзгө ишеним жок экендигин далилдейт. Ким болгум келет, кандай сапаттарым бар? – деген суроолорго жообуңуз жок.
Биздин коомдо “колуңан эч нерсе келбейт”, “ушуну да билбейсиңби?”, “мээң иштебейт” – деп көп урушушат. Ошонун айынан адамдар коомдун айткандарына моюн сунуп, өзүнө болгон ишеними жоголуп, “чындап эле менин колуман эч нерсе келбейт”, деп калышат.
“Өзүмдү кантип табам” – деп туура суроо бердиңиз. Бул өзүң менен иштөөнүн, өзүңдү издеп баштоонун биринчи кадамы. Ар бир адам үчүн башкы максаты “Мен киммин?” – деген суроого жооп издөө. Андан тышкары:
- Бул жашоодо эмнени өзгөртүү керек?
- Бул жашоодо эмнеге жетким келет?
- Менин кандай (жакшы жана жаман) сапаттарым бар?
Ушул суроолорго да жооп берүүгө аракет кылыңыз. Өзүңдү таанып билүү келечектеги кесипти тандоого жардам берет. Анткени адам жасап жаткан ишинен ырахат алышы керек, ошондо гана мыкты адис болуп, көптөгөн ийгиликтерге жетише алат.
Менин сизге кеңешим, жогорудагы суроолорго жооп издеп көрүңүз.
Сиз туура жолдо баратасыз. Алдыга койгон максаттардын бардыгына жетишиңизди каалайм. Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Психолог Нургуль Барпиева менен инстаграмдагы @nurguil_barpieva_psyhologist баракчасы аркылуу байланыша аласыз.