// //

Ичтеги бала өспөй калганда токсикоз токтоп калат деген чынбы? Гинекологдун жообу

2020.09.15, 10:06
2166

Саламатсызбы. Менин бир айлык боюмда бар, буга чейин күндө эртең менен кускум келип, жүрөгүм айланчу, бүгүн эртең менен андай болгон жок. Кошуна эже бала өспөй   калганда ошондой болот, дейт. Чынында ушундайбы, токсикоз токтоп калабы? Андан тышкары кандай белгилер бар?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.09.2020, 10:06

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Ооба, эгер курч токсикоз кескин токтоп калса, бул кош бойлуулуктун өнүкпөй калышынын бирден бир белгиси болушу мүмкүн. Бирок бактыбызга ар дайым эле андай боло бербейт. Эгер буга чейин токсикоз катуу эмес болсо, айрым күндөру өзүнузду жеңилирээк сезип, айрым күндөрук көбүрөөк кыйналасыз. Токсикоздун жүрүшү саатка окшоп, белгилүү бир убакытта гана кусат, жүрөгү айланат дегендик эмес. Бардыгы индивидуалдуу.

Эгер сиздин тынчыңызды алган андан башка эч кандай белгилер, симптомдор болбосо, ичиңиз оорубаса, кан кетпесе, демек бардыгы жайында. Жогоруда атап өткөн белгилердин бири эле байкалса дароо доктурга кайрылыңыз.

Аман-эсен көз жарып алыңыз.

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:

Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?

УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?

Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?

Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?

Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт