// //

Түнкү поллюция тууралуу эмнелерди билүү керек? Уролог айтып берет

2020.09.14, 15:52
3233

Поллюция –  эркектердин уругунун өз алдынча чыгышы, көбүн эсе уктап жатканда болот. Бирок, бул кадимки физиологиялык процесс көпчүлүк арасында уят катары кабыл алынат. “Кортекс” клиникасынын адиси, уролог Азат Бейшенов түнкү поллюция тууралуу айтып берди.

Поллюция балагатка жетти деген белги

Поллюция – атайын эмес, өзүнөн-өзү сперманын бөлүнүп чыгышы. Тактап айтканда, организм ушундай жол менен ашыкча уруктан арылат. Бул эч кандай оору эмес, табигый нерсе.

Көбүнчө туруктуу сексуалдык жашоосу жок эркектерге мүнөздүү.

Поллюция балагатка жетти деген белги. Эркектерде 12-13 жаштан баштап суюктук убак-убагы менен чыгып турушу керек. Кайсы маалда чыгат (күндүз же түнкүсүн) анын айырмасы жок. Коркунуч туудурбайт, тескерисинче, 18 жашка чейин такыр эле эякуляция жок болсо, мына ошондо тынчсыздануу керек.

Поллюциянын мастурбация менен байланышы жок

Өспүрүмдөрдөгү поллюция организмдеги гормоналдык өзгөрүүлөр жана аны ашыкча спермадан тазалоо менен байланыштуу болсо, чоңдор үчүн төмөнкүлөр себеп болушу мүмкүн:

  • эротикалык туштөрдү көргөндө же уктаар алдында элестетип койгондо
  • көпкө чейин кармануу
  • сперманын пайда болуу жана жетилүү процессинин тез болушу ж.б.

Поллюциянын мастурбация менен байланышы жок жана андан арылууга аракет кылбай эле коюу керек. Себеби бул процессти башкаруу мүмкүн эмес.

Ооба, уруктун чыгышы ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн, бирок бара-бара ага көнүп каласың.

Поллюция бардык эле эркектерде боло бербейт

Эгер норма тууралуу сөз кыла турган болсок, болжолу менен өспүрүмдөрдө жумасына 4-5тен, чоңдордо 3 жолудан ашпашы керек (баары жыныстык жашоосу менен байланыштуу). Ал эми төмөнкү белгилер байкалганда, дароо дарыгерге кайрылдуу сунушталат: 

  • эрекция түн ичинде пайда болуп, көпкө чейин токтобосо
  • ириң, жагымсыз жыт же кан аралашкан сперма чыкса
  • оргазм оорутуу менен коштолсо ж.б.

Айта кетчү нерсе, поллюция бардык эле эркектерде боло бербейт. Себеби ар ар бир адамдын организми индивидуалдуу. Мындай учурда урологго келип көрүнүп коюу керек. Эгер адис баары жакшы десе, анда баары жакшы. Сезгенүү сыяктуу бир нерселер болсо, анда дарылануу керек.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат

Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш

Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет

Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт