// //

Кызымдын оң буту узунураак экен. Өтүп кетеби, же врачка көрсөтүш керекпи?

2020.09.14, 09:50
1330

Бир айлык кызымдын оң буту сол бутунан кичине узунураак экен. Чалкалап жатканда эки далысын төшөккө өйкөп, ичин өйдө көздөй көтөрүп, чирене берет. Өтүп кетеби, же врачка көрсөтүү керекпи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.09.2020, 09:51

Элнура Жумашева

Педиатр

Саламатчылык. Эгер баланын организмдинден бир нерсеси туура эмес же башкача болуп жатканын көрүп, сезип турсаңыз, сөзсүз доктурга көрсөтүу керек. Өзү өтүп кетет деп күтүп отурган болбойт. Канчалык эрте көрсөтсөңүз ооруну же кандайдыр бир паталогияны айыктырып, түзөп кетүү ошончолук жеңил болот.

Кызыңызды ортопедке жана невропатологго корсөтүңүз. Андан тышкары УЗИ ТБС (тазобедренный сустав) жасатыңыз.

Балаңыздын ден соолугуна жооперчиликтүү мамиле кылыңыз.

 

Педиатр Элнура Жумашева менен инстаграмдагы @elnura_maratovna_pediatr баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:

Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?

Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет

Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт