// //

Бир дарыны ичсем, сүтүм чыкпай калды. Эмне кылыш керек? Маммологдун жообу

2020.09.13, 14:57
1342

Саламатсызбы. Менин эки балам бар, быйыл үчүнчүсүн төрөдүм. Негизи сүтүм көп эле болчу, төрөгөндөн кийин аябай ооруганымдан аптекадан “начинающий мастит” деп Бромокриптин деген дарыны алып ичкем.

Ошондон кийин эле сүтүм чыкпай калды. Бир дарыдан эле сүтт тартылып чыкпай калабы? Сураныч жооп берип койгулачы. Кызым тойбой ыйлап жатат. Эмне кылсам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.09.2020, 14:58

Аида Осомбаева

Маммолог

Саламатчылык. Түшүнгөнүмө караганда, сиздин эмчегиңиз ооруду, сиз дарыканага барыңыз, сатуучу сизге мастит деген диагноз койду, андан кийин бромокриптин дарысын берди, сиз аны ичтиңиз. Туурабы?

Биринчиден, сизде мастит болдубу же башка оорубу белгисиз.

Экинчиен, бромокриптин маститти дарылабайт. Бул баланы эмчектен чыгарып жатканда, сүту азайтуу максатында ичиле турган даары.

Үчүнчүдөн, аптекардын адамдарга диагноз коюп, дары жазып берүүгө акысы жок.

Сүтүңүздүн азайып кетүүсүнө өзүнуз себепкерсиз. Аталган дары так ушундай эле эффект бермек. Сүттү кобөйтүү үчүн баланы мүмкүн болушунча көбүрөөк эмизиңиз. Андан башка эч кандай рекомендация бере албайм.

Сөзсуз маммологго көрүнүп, УЗИге түшүп медициналык текшерүүдөн өтүп коюңуз.

Оорусаңыз ар дайым тиешелүү адиске кайрылып дарыланыңыз.

 

Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Маммологдун башка жоопторун бул жактан окусаңыз болот:

Эмчегимдин учу карттанып, кайра-кайра түшө берет, эмнеден болушу мүмкүн?

Кызымды эмчектен чыгарганыма бир жылдан ашты, бирок дагы деле сүтүм бар

Боюмда бар, колтугумда бир дөмпөк пайда болу, эмнеден болушу мүмкүн?

Мен эркекмин көкүрөгүмдо без бар, жок кылса болот? Маммологдун жообу

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт