// //

Ангинадан жабыркап келем, такыр алдырып салса болобу? Отоларинголог жооп берет

2020.09.13, 14:09
2415

Саламатсызбы. Мен кичине кезимен бери эле ангина болуп ооруй берем, азыр да ооруп жатам. Ангинаны кандай кылып дарылоо керек? Такыр эле алып салса болобу? Жооп алып бересизби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.09.2020, 14:10

Владимир Пак

Отоларинголог

Саламатчылык. Көпчүлүк учурда жөн эле тамактын оорусун, медицина тилинде айтканда - фарингитти ангина менен адаштыра беришет.

Өнөкөт тонзилиттин темасы көп кырдуу. Тамак бездерин (миндалины) алдыруу үчүн атайын көсөтмөлөр керек, бул процедура – тонзиллэктомия деп аталат.

Тонзиллэктомия жасатууга көрсөтмөлөр:

  • бир жылдын ичинде ангина 7 ирет кармады;
  • же 2-3 жыл катары менен 5 жолудан кем эмес ангина кармады;
  • аялдарда бир жылдын ичинде 3 ирет 3 жыл катары менен;
  • паратонзиллярдык абсцеесс;
  • жүрөк кемтиги же гломерулонефрит түрүндө же ревматиттик оору түрүндө өтүшүп кетүүсү.

Бирок! ангинанын ар бир эпизоду Мак-Айзектин шкаласындагы критерийге ылайык каралышы керек. Ошондуктан алгач лорго көрүнүп консультация алып көрүңүз.

Ден соолук каалайм.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган. 

Владимир Пак менен инстаграмдагы @Vladimir_md баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт