// //

Жаштык кылып боюмдан түшүргөм, азыр төрөй албай жатам. Эмне кылсам болот?

2020.09.13, 13:48
1575

Саламатсызбы. Менин берейин деген суроом мындай: убагында жаштык кылып, дары менен боюмдан түшүргөн элем. Азыр болсо такыр болбой жатат. Гинекологго көрүнсөм, бардыгы жакшы эле, дейт. Эмне кылып дарылансам болот? Кеңеш бериңизчи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.09.2020, 13:49

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Дары менен бойдон түшурүү аборттун эң коопсуз ыкмасы болуп саналат. Ошого карабастан кийин төрөй албай калуу тобокелчилиги баары бир сакталат.

Тукумсуздуктун себеби ар кимде ар кандай болот. УЗИге түшкөндөн кийин бардыгы жайында, олуттуу көйгөйлөр жок, деп натыйжа чыгарып бергени менен, УЗИ аркылуу көрүнбөгөн, организмдин андан да майдараак механизмдеринде маселе бар болушу мүмкүн.

Канча убакыттан бери бойго бүтүрө албай жүрөсүз? Канчалык көп убакыт өтсө демек көйгөй ошончолук оор.

Алгач гормоналдык профилди изилдөөнү сунуштаййм. Овуляция жүрөбү ошону текшерүү керек. Андан кийин жатын түтүкчөлөрдү карап чыгуу зарыл: таза элеби, же бүтөлүп калганбы?

Андан тышкары өнөктөшүңүз да спермограмма тапшырсын, кош бойлуулукту пландаганда анын жыйынтыгы да эске алынат.

Себеби сөзсүз табылат.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:

Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?

УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?

Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?

Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?

Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт