// //

“Энелик уруктары жок” деп анализ чыгарып беришти. Эмне кылышты билбей калдым

2020.09.11, 17:10
1624

Турмушка чыкканыма эки жылдан ашты, төрөй элекмин. Эки жолу доктурларга көрүнүп дарыландык. Кимибизден экенин биле алган жокпуз, бирок шамалдап калгансыңар дегенинен дары ичип, укол алдык.

Күйөөмдүн уругунун пайызы жетпей атат окшойт, деп да дары ичти. Бир аз өзгөрүү болду окшойт. Бирок андан кийин менин этек киримдин цикли бузулду. Көпкө келбейт, келсе токтобойт. Этек киримдин токтобой жатканына 10 күндөн ашты.

Гинекологго көрүндүм, УЗИ жасатсам, “энелик уруктары жок” деп чыкты. Эмне кылышты билбей калдым. Жакшы гинекологдон кеңеш алып бергилечи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.09.2020, 17:11

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Азыркы учурда негизги маселе бул кан кетүүнү токтотуу. Канды токтотуучу терапия жардам бербей жатса, гистологиялык изилдөө жүргүзүп, МВА процедурасы сунушталат. Анда эмне себептен кан кетип жатканын аныктай алабыз.

Жолдошуңуз спермограмма тапшырып көрдү беле? Эгер тапшыра элек болсо бул анализди да берип койгонуңар туура болмок.

Энелик уруктар жок деп чыкты дедиңиз, фолликулдар кан кетүүнүн фонунда көрүнбөй калышы мүмкүн, ошол эле учурда өз алдынча дагы бир чоң көйгөй болушу мүмкүн. Аны жумуртка бездердин алсыздануу синдрому деп атап коёбуз.

Көрдүңүзбү нюанстар абдан көп, ар бирин өз алдынча карап чыгуу зарыл.  
Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:

Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?

УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?

Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?

Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?

Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт