// //

Намаз жазылган китепти же Куранды даараты жок кармаса болобу?

2020.09.11, 11:22
3121

Саламатсызбы! Намаз жазылган китепти же Куранды даараты жок кармап, ачып жана окуса болобу? Сөзсүз даарат алуу керекпи?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.09.2020, 11:24

Кадыр Маликов

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары, теолог

Даараты жок кармаса болот, бирок макрух болуп эсептелинет. Себеби исламда этика түшүнүгү бар, ага ылайык мүмкүн болушунча Куранды даарат алып кармаш керек.

Кээде даараты жок шашылыш ачып окуш же бир жерин караш керек болгон учурлар кездешет. Мындай учурда күнөө болбойт, бирок болушунча даарат менен кармаганга аракет кылуу керек.

Качан күнөө болуп эсептелет, толук гусулу жок куранды кармап же окуганда. Бул нерсеге тыюу салынат. 

Жогорудагы нерселер намаз жазылган китепке дагы тиешелүү. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт