// //

Өспүрүм балдар менен кантип тил табышуу керек? Психологдордон 7 кеңеш

2020.09.10, 18:21
2326

Ар бир бала уникалдуу, ошондуктан ар бири менен индивидуалдуу мамиле куруу керек. Ошондой болсо да, бардык учурларда жарай турган универсалдуу ыкмалар болот. Bilesinbi.kg өспүрүмдөрдү тарбиялап жаткан ата-энелерге психологдордун бир нече кеңештерин чогултту.

  1. Өзүңүздүн өспүрүм курагыңызды эстеңиз

Ар бир ата-эне качандыр бир кезде өспүрүм болгон, күмөн саноолор, өзүңө ишенбегендик, ачуулануу бул сезимдер адамды кыжаалат кылат. Мындай сезимдер сиздин да башыңыздан өтсө керек.  

Ошондуктан жөн гана анын көйгөйлөрүн угуп, түшүнүүгө аракет кылыңыз. Сын айтпагыла, шылдыңдабагыла, “ушу да проблемабы?” дебегиле. Анткени, мындай мамиледен улам өспүрүмдө “мени эч ким түшүнбөйт” деген ой пайда болот.

  1. Бир толкунда болгула

Жаштардын дүйнөсүн баалагыла. Алар ойногон оюндарды бирге ойноп көргүлө, уккан ырларын уккула, кинолорду чогу көргүлө. Гаджеттерди колдонгонду же сиз билбеген функцияларын көрсөтүп, үйрөтүп берүүсүн сурангыла. Ар дайым эле сиз баланы үйрөтүп эмес, ал да сизди үйрөткөнгө мүмкүнчүлүк бергиле. Балаңыз өзүн олуттуу жана керектүү сезсин.

  1. Анын хоббисин колдоңуз

Баланын эмнеге кызыгаарын сурап, хоббиси бар болсо колдоңуз. Мейли сүрөт тартабы, ырдайбы, бийлейби, спорт менен машыгабы, китеп окуйбу убакыт бөлүп, шарт түзүп берүүгө аракет кылыңыз.

  1. Денесиндеги өзгөрүүлөрдү кабыл алууга жардам бериңиз

Көпчүлүк өспүрүмдөр организминдеги гормоналдык жана физикалык өзгөрүүлөрдү негативдүү кабыл алышат. Ошону кечке ойлоп депрессияга түшүп, ашыкча салмак кошуп же тескерисинче кескин арыктап кетиши мүмкүн.

Ошондуктан ар дайым өспүрүм баланын өзүнө болгон ишенимин көтөрүп туруңуз, көбүрөөк мактаңыз. Башка адамдар менен салыштырбаңыз, жана сырттан келген сын тагуу критиканы жайдары кабыл алууга үйрөтүңүз.

  1. Азыраак сүйлөп, көбүрөөк угуңуз

Кээде адамга колдоо көрсөтүү үчүн жөн гана аны угуу жетиштүү. Бул телефон кармап алып, же телевизор көрүп жатып, “и, ооба, айта бер, мен сени угуп жатам” дегендик эмес. Активдүү угуучу болуңуз. Маңдай тескей отуруп алып, сага эмне болду? Сени бир ой кыйнап жатат окшойт? Мектепте иштериң жакшыбы? ж.б. суроолорду бериңиз, андан кийин кунт коюп угуңуз.

  1. Көз карандысыз болууга уруксат бериңиз

Жоопкерчиликтүү адамды тарбиялагыңыз келсе, ага эркиндик бериңиз. Кандайдыр бир маселени талкуулап жатсаңыз, баланын да пикирин угуңуз. Кеңешти да этият бериңиз. Акыркы чечимди өзү кабыл алсын. Кабыл алган чечими туура эмес экенине көзүңүз жетип турса да кийлигишпеңиз. Бул анын топтой турган жеке тажрыйбасы.

  1. Ашыкча кийлигише бербеңиз

Баланы тарбиялоо мамлекет башкаруудан да оор, деген сөз бар. Кайсы учурда тыюу салыш керек, кайсы учурда тим коюш керек, деген эреже же формула жок. Мисалы үчүн тамеки чегүүгө тыюу салуу керек, ал эми чачын кестиреби же өстүрөбү өзү билсин, жайына коюңуз.

Ар дайым урушуп, сын тага берсениз акыры бала сиздин пикириңизди эске албай калат. Себеби кандай болсо деле баары бир урушат, деген ой бекем калыптанып калат.

Ата-эне болуу, оңой эмес, бирок колдон келе турган иш. Болгону сабырдуулуук, жана чексиз сүйүү керек.        

Бул жактан "Переходный возраст" деп эмнени айтат жана ал кандай болот? экенин окусаңыз болот.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт