// //

Тибеттиктер балдарын кантип тарбиялашат?

2018.12.19, 13:59
2755

Баланы уруп жана кемсинткен болбойт. Тибеттиктердин философиясына ылайык, балаңызга кол көтөрүүңөрдүн бир гана себеби бар – алар сизге кайра жооп кайтара албайт.

Күчкө салып тарбиялоо баланын дүйнөнү таанууга болгон кызыгуусун жоготот. Бала суу жүрөк, жалтак, өз оюн эркин билдире албаган адам болуп чоңоет. Же болбосо, бардык көйгөйлөрдү күч менен чечүүгө аракет кылат.  

Сиз балага бере турган жана үйрөтө турган негизги сапат бул – мээрим. Балаңызга канчалык көп мээримиңерди төксөңөр, ал өзүн ошончолук бактылуу сезип, ишенимдүү жүрөт. Өзөгү күчтүү инсан болот.  

Биринчи этап

Бала 5 жашка чыкканча “ханга” мамиле кылгандай мамиле жасоо керек. Бир нерсени тыйып эмес, көңүлүн башкага буруп алаксытуу зарыл. Бир нерседен чочугандай түр көрсөтүп: “Бул эмне?”, “Ким келди?”, “Жүр, карап келебиз!” десеңер болот. Бала эмоциялардын тилин абдан жакшы түшүнөт.

Бул мезгил анын активдүүлүгү жана жашоого болгон кызыгуусу күч алып турган чак. Бардык нерсени изилдеп, жасап көргүсү келет.  

Эгер 5 жашка чейинки баланы басынтып, урсаңар, анын тапандыгын, интеллектисин жок кылып саласыңар. Өз эркин билдире албаган, өтүмү жок, кара күчү бар адамдарга баш ийген адам болуп калат.

Экинчи этап

5тен 10 жашка чейин бала сиздин “малайыңыз” болсун. Балага тапшырма берип аны кынтыксыз аткаруусун талап кылыңыз.

Бул учурда баланын интеллектиси тез өнүгүп жаткан болот. Ошондуктан билим алуусуна басым кылгыла.

Эгер бештен кийин деле баланы, эркелетүүнү уланта берсеңер, келечекте мындай бала өзүнө жоопкерчилик алып бир ишти бүтүрө албайт. Даяр оокатка көнүп калгандыктан, максатына жетүү үчүн аракет жасоо керек экенин түшүнбөйт.  

Үчүнчү этап

10дон 15 жашка чейинки балага “досуңа” жасаган мамилени көрсөтүңүз. Досуңдай эмес, “досуңа” жасагандай. Бардык олуттуу маселелер боюнча аны менен кеңешип, өз алдынча чечим чыгаруусуна шарт түзүп, колдоп туруңуз.

10 жаштан өтүп калган балага кичинесиндегидей мамиле кылып, бардык кыйынчылыктардан коргоп, камын көрсөңөр, бала өз алдынчалыкка үйрөнө албайт. Аны курчап турган адамдардан өмүр бою көз каранды болот.

Ал эми 15 жаштан кийин балага тарбия берүү мүмкүн эмес. Ага сый мамиле гана жасоо керек, болбосо, ал сизден кетип калууга шашылат.

Тибеттиктердин кызыктуу тесттин бул жерден ачып окусаңыз болот: Бул 3 суроого жооп берсеңиз, кандай адам экениңиз билинет

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт