// //

Болочок кайын энем ата-энемдин бай экенин билип дароо өзгөрө түштү

2020.08.29, 18:24
15112

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет байдын кызынын катын жарыялайбыз. 

"Айылда сүйлөшкөн кызы бар, кудалап дагы койгонбуз"

Ооба, колунда бар жердин кызымын. Бирок, мен эч качан “ата-энем бай” деп чалчаңдаган эмесмин. Мени эч ким байдын кызы деп да айтпайт. Жөнөкөй кийинип, экраны сынык телефон көтөрүп, маршруткада эле жүрөм.

Кичинемде ата-энем менен конокко баргам. Балдар менен кубалашмай ойноп жүрүп, бир эжени байкабай сүзүп алдым. Каргап-шилеп бакырып кирди. Үй ээси чыга калып кулагына бир нерсе деп шыбырады. Тиги эже дароо өзгөрө түштү. “Сен байдын кызы турбайсыңбы?” Чачымдан сылап, алдына алып өөп, жагынып кирди. Мен ошондо өзгөрдүм.

Атам канча жолу машина алып берейин деди. “Өзүм алам” деп макул болбодум. Тырышып жүрүп бюджетке өттүм. Түнү менен китеп окуп отуруп стипендияга жеттим.

Сабактан кийин бир дүкөнгө сатуучу болуп кирип алдым. Муну атам менен апам билип алып таарынышты.

- Бизди уят кылып жатасың!

- Ак эмгегим менен акча таап жатканым уятпы?

- Эл эмне дейт? Кимдин кызы экенин билесиңби?

- Ата, апа, азырынча менин эч нерсем жок. Могу байлыктын баарын силер тапкансыңар, мен эмес. Өзүм аракет кылып бир нерсеге жетсем дейм.

- Аяш атаңдар шыбырашып жатышат.

- Апа, өзүңөр деле жакшы билесиңер, айланаңардын баары эки жүздүүлөр.

Түн. Экзаменге даярданып отургам. Атам бөлмөмө кирип келди.

- Жаш кезимде кудум сендей болчумун. Эх кызым, кызым... Жазбай мени тартыпсың.

- Сиздей болсом жаманбы, ата?

- Мен сени менен сыймыктанам.

Чекемден өөп чыгып кетти.

Үчүнчү курста бир бала менен тааныштым. Жөнөкөй эле жигит болчу. Сүйлөшкөнүбүзгө эки ай болуп калган. Бир күнү айылдан апасы келгенин айтты. “Жүр, тааныштырам”,-деп ашканага алып барды.

Жөнөкөй эле кийинип жүрөм дебедим беле, апасы мурдун чүйрүп жактырган жок. Сүйлөсөм жооп бербей, баласына гана көңүл буруп жатты. Жигитим дааратканага чыгып кеткенде “айылда сүйлөшкөн кызы бар, кудалап дагы койгонбуз” деди. Эми калп айтып жатканы анык.

Акырын атама кат жазып, айдоочусун жөнөтүп жибер дедим. Беш мүнөттөн кийин биз отурган ашканын алдына джип токтоду. Арстан байке түшүп (атамдын айдоочусу) жаныма келди. Апасынын оозу ачылып калды. Ата-энемдин ким экенин сурады. “Ай, мен сени сынайын деп тамашалап жаткам”, кудум баягы, кичинемде жолуктурган эжеге айланды. Шашып жатканымды айтып чыгып кеттим.

Азыр чет өлкөдө магистратурада окуйм. Бул жак мага аябай жакты. Анткени, ата-энемдин ким экенин эч ким билбейт. Байлыгыма карап эмес, өзүмө карап мамиле кылышат. Билем, эки жүздүү адамдардан баары бир кутула албайм. Бирок, ошол адамдарга бир гана нерсе айткым келет: Аябай күлкүлүү көрүнөсүңөр.

Баса, тиги жигитим дагы апасына кошулуп өзгөрүп кетти. Айла жок, мамилени үзүүгө туура келди.  

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт