Ата-энем мажбурлап турмушка бергени жатат. Аларга каршы мыйзам барбы?
Саламатсызбы! Ата-энем макулдугумсуз турмушка узатканы жатат. Аларга каршы чыга турган мыйзам барбы? Эмне кылышым керек?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Ооба, жазык кодекси бар. Ал жерде бирөөнү мажбурлап турмушка бербөө керек, деп жазылуу. Бул кылмыш, аны ишке ашыргандар төмөнкүдөй жазага тартылат:
176-берене. Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо
Он сегиз жашка жетелек адамды иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо, VI категориядагы айып салууга, же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
177-берене. Адамды никеге турууга мажбурлоо
Адамды никеге турууга мажбурлоо, ошого тете мажбурлап түзүлгөн никени улантууга мажбурлоо, же адамды никеге турбастан чогуу жашоого адамды мажбурлоо, же мындай чогуу жашоону улантууга мажбурлоо, ошого тете адамдын никеге туруусуна тоскоолдук кылуу, V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Сиз милицияга арыз менен кайрылсаңыз болот.