Күйөөмдүн мүмкүнчүлүгү чектелген. Балабызга жөлөкпул алсак болобу?
Саламатсызбы! Экинчи топтогу майып, 1500 сом алат. Бир балабыз бар. Ошого жөлөкпул алсак болобу? Күйөөм жумуш кыла албайт. Жерибиз жок.
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн кызматкери
Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулу аз камсыз болгон, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдүн балдарына берилет.
“Үй –бүлөгө көмөк” жөлөкпулун чектөөдө айлык акы, ишкердик кылуудан, мал жандыктарынан, жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынган кирешелер эске алынат. Ал эми күйөөңүз алып жаткан социалдык жөлөкпулу киреше катары эске алынбайт.
Сиз жашаган жериңиз боюнча социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылсаңыз, ал жердеги адистер жөлөкпул аласызбы же жокпу эсептеп беришет.
Кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.