// //

Алимент төлөбөй жүргөн күйөөмдү кара тизмеге киргизе аламбы?

2020.08.18, 18:54
1102

Саламатсызбы! Менин күйөөм алимент төлөбөй жатат. Ал учурда Питерде жүрөт. Сот карабайт. Кара тизмеге киргизип койсом болобу? Сот аткаруучулар болбой турганын айтышты.

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.08.2020, 18:55

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Сиз "алименттин суммасын эсептөө жана карызкорго издөө жарыялөө жөнүндө" сот аткаруучуга арыз менен кайрылыңыз. Арыздын үлгүсүн төмөндөн көрө аласыз. 

Ош шаардык соттук аткаруучулар

кызматтык бөлүмүнүнө

Абакова Айгул Манасовнадон

Дареги: Ош шаары, Манас көчөсү, 44-үй

44-батир тел.: 00000000.

 

                                                            АРЫЗ

(алименттин суммасын эсептөө жана карыз корго карата издөө жарыялоо жөнүндө)

Ош шаардык соттук аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн иш өндүрүүсүндө, мен өндүрүп алуучу А.М. Абакованын арызы боюнча карызкор М.А. Жантаевтен алимент өндүрүү иши алып барылууда.

Бирок бүгүнкү күндө карызкор М.А. Жантаев алименттин суммасын төлөбөй келүүдө. Ошондуктан карызкор М.А. Жантаевтин алимент боюнча карызын суммасын эсептеп ага карата издөө жарыялоо зарыл деп эсептеймин. 

Кыргыз Республикасынын “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзамынын 53-бер. 1-бөл. “Алиментти өндүрүп алуу, баккан адамдын ден соолугуна же өлүмгө учурашынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу, кылмыш менен келтирилген залалдын ордун толтуруу жөнүндө аткаруу документтери боюнча карызкордун турган жери туралуу маалыматтар болбогон учурда сот аткаруучу өз демилгеси боюнча, же өндүрүп алуучунун арызы боюнча карызкорду издөө жөнүндө токтом чыгарат.

Алиментти өндүрүп алуу, баккан адамдын ден соолугуна же өлүмгө учурашынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу, кылмыш менен келтирилген залалдын ордун толтуруу жөнүндө аткаруу документтери боюнча карызкордун мүлкүн издөө жөнүндө, ошондой эле баланы алып коюу жөнүндө аткаруу документи боюнча баланы издөө жөнүндө токтом ушул эле тартипте чыгарылат” деп көрсөтүлгөн. 

Жогорудагылардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-бер.  2-бөл., жана Кыргыз Республикасынын “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзамынын 53-бер. 1-бөл. жетекчиликке алып карызкор

СУРАНАМ:

  1. Жантаев Миртилек Аманбердиевичтин алимент боюнча карызын эсептөөнү;
  2. Жантаев Миртилек Аманбердиевичтин мүлкүн издөөнү;
  3. Жантаев Миртилек Аманбердиевичтин карата издөө жарыялоону.

 Өндүрүп алуучу:                                               А.М. Абакова

18.08.2020-ж.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт