// //

Канадага барып окуп, иштегиң келеби? Анда Данияр Марлисовдун маегине көңүл бур

2018.12.17, 10:17
5380

Салам! Канадага барып окуп, иштеп калууну каалайсыңбы? Анда Канададан билим алып, ал жакта иштеп калган мекендешибиз Данияр Марлисовдун маегине көңүл бур!

Саламатсызбы Данияр! Алгач өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.

Саламатсызбы! Өзүм Нарын облусунун Кочкор районунан болом. Азыркы учурда Канаданын Альберта провинциясынын Эдмонтон шаарында жашайм. “All weather windows” компаниясында логистика боюнча адис болуп иштейм. Менин милдетим Канаданын ири ишканаларына АКШ, Кытай, Вьетнам жана башка өлкөлөрдөн материалдарды сатып келип берүү. 

Кантип Канададан окуп калдыңыз?

Мен Нарындагы түрк лицейинде окудум. Андан соң Турциянын Жакынкы Чыгыш техникалык университетине (ODTÜ) тапшыргам. Окууну бүткөндө Канаданын Альберта университетинен акысыз билим алуу жана окууну аяктагандан кийин иштөө үчүн уруксат кагазы берилээри тууралуу сунуш түштү. 2012-жылы магистратураны ийгиликтүү аяктап, иштеп калдым.

Эмне үчүн окууну бүткөндө Кыргызстанга кайтып келген жоксуз?

Ата менкениме кызмат кылуу максатында Бишкекке баргам. Бир жылдай жүрүп өзүмө туруктуу жумуш таба алган жокмун. Башкача айтканда, билимимди баалаган ишканалар болгон жок. Кайра Канадага келе бердим. Бул жакта менин билимимди, аткарган жумушумду баалашат.  

Кыргызстанга канча убакытта бир келесиз?

Ата-энем, кайын-журтум деги эле туугандарымдын бары Кыргызстанда. Бир жылда бир жолу барганга аракет кылабыз. Мекенибизге барып сагынычыбызды таратып, эс алып кетип турабыз.

Канча тил билесиз? Үй-бүлөдө кайсы тилде сүйлөшөсүз?

Орус, түрк, англис жана кыргыз тилин билем. Келинчегим Бишкектеги Ала-Тоо университетинин бүтүрүүчүсү, дипломат. Англис тилин жогорку деңгээлде билет. Кыздарым болсо, кыргыз жана англис тилинде сүйлөшөт. Үйдөн көбүнчө кыргызча сүйлөшөбүз.

Канадага барып окууну жана иштөөнү каалаган жаштар эмне кылышы керек?

Бул жакка окууга келгендер абдан көп. Келээрде IELTS (International English Language Testing System) тесттин тапшырып, жок дегенде 8-9 бал алышы керек. Англис тилин жогорку деңгээлде өздөштүрүп алып окуганы келсе көп кыйынчылык болбойт. Жылына 20-30 миң доллар төлөп окугандар да бар. Кыскасы, акчаң көп болушу керек же англисчени суудай билишиң керек.

Россияга же Түркияга тил билбей бара берсе болот. Бул жакка антип келүү туура эмес. Тил билсең эле жумуш таап кетүү жеңил.

Англис тилин өздөштүрүү үчүн кандай кеңеш бересиз?

Англис тилин жогорку деңгээлде билүү үчүн талыкпай окуп, аракет кылыш керек. Курстарга барып, китептерди окуп, сөз жаттап аны практикада колдонуш керек. Социалдык тармактарга убакытты кетирбей, онлайн курстарды же англисче аудио китептерди укса болот.  5-6 ай кату даярданып IELTS тестин тапшырып, чет жакка окууга аракет кылса болот.

Канада эли кандай? Биздин өлкөгө айтып бересизби?

Ооба, биздин өлкөбүзгө абдан суктанышат. Кыргызстандын сүрөттөрүн көрүп кызыгышат. Биздин тамактарды жактырып жешет. Негизи канадалыктардын бири-бири менен иши жок. Баардыгы ар дайым сый мамиле кылышат.

Эдмонтон шаарында кыргыздар барбы?

Бул жакта кыргыздар бар, бирок көп эмес. Достошуп, мамиле куруп,  ал-абалды сурашып анда-санда жоолугуп турабыз. 

Кыргызстанды сагындыңызбы? Качан кайтып келесиз?

Кыргызстан ар дайым жүрөгүбүздө, сагынбай коюу мүмкүн эмес. Ал эми качан кайтып барабыз азырынча белгисиз. Убакыт көрсөтөт, бирок сөзсүз түрдө мекенибизге кайтып барабыз. 

Чоң рахмат! Ишиңизге ийгилик! 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт