Кошулганда табарсыгым оорутат, эмнеге мындай болушу мүмкүн?
Күйөөм менен кошулганда, аныкы бир нерсеге тийгендей болот, ошол учурда менин табарсыгым ооруйт. Мындай көрүнүштү экинчи кызымды төрөгөндөн бери байкап жүрөм. Спираль салдырган эмесмин.
Эмне себептен мындай болушу мүмкүн?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы. Мындай болуп жатканына бир нече себеп болушу мүмкүн.
Биринчи себеби, жамбаш сөөк органдарынын (малый таз) төмөн түшүп кетүүсү.
Экинчи себеби, сезгенүү жана спайка процесстеринен улам жатындын бир тарапка ооп калышы.
Үчүнчүсү - эндометриоз.
Буларды аныктоо үчүн гинекологго кайрылып, медициналык текшерүүдөн өтүңүз.
Ден соолугуңузга сак болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка