Сүтүм аз болуп баламды тойгуза албайм. Мага кеңеш бергилечи?
Саламатсызбы. Төрөгөнүмө бир айдан ашты. Баламды эмизем, сүт толгону менен бир эмгенинен чыкпайт, ошондуктан тойбой жатат. Тойбогонуна байланыштуу кошумча тамак. смесь берчү болдум.
Эмчекке көбүрөөк сүт толтуруу үчүн эмне кылсам болот? Мен да баламды кошумча тамагы жок, эмизип гана чоңойткум келет.
Аида Осомбаева
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Саламатчылык. Бул сиздин биринчи балаңыз окшойт. Ошондуктан башында сүт азыраак келип жаткандай сезиле берет.
Баланы мүмкүн болушунча көбүрөөк эмизе бериңиз. Биздин организм ушундай түзүлгөн, канчалык көп эмсе, ошончолук көп сүт иштелип чыгат. Эмчегим бош, деп эмизбей койгон болбойт.
Сааганда же молокоотсос менен колдонгондо бир аз эле сүт чыгат, бирок бала эмгендей көлөмдө бир да молокоотсос чыгара албайт. Болгону азыр бала кичирээк, жана алсыз, тез эле чарчап калып жатат. Сиз смесь берип көндүрүп койсоңуз, кийин эмчек эмбей коюшу мүмкүн. Себеби бөтөлкөнүн соскасынан сүт оңой эле чыгат, эмчек эмгендей аракет кылуунун зарылчылыгы жок. Наристе ошого көнүп, оңой тамакка качыра баштайт.
Сизге бир гана кеңеш бере алам: көбүрөөк эмизиңиз.
Балаңыз ден соолукта болсун.
Маммологдун башка жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Эмчегимдин учу карттанып, кайра-кайра түшө берет, эмнеден болушу мүмкүн?
Кызымды эмчектен чыгарганыма бир жылдан ашты, бирок дагы деле сүтүм бар
Боюмда бар, колтугумда бир дөмпөк пайда болу, эмнеден болушу мүмкүн?
Мен эркекмин көкүрөгүмдо без бар, жок кылса болот? Маммологдун жообу