// //

Күйөөм кичине болсо да жардам бербейт. Эмне кылам?

2020.08.13, 16:29
1713

Күйөөгө тийгениме 3 жыл болду. Жолдошума эч качан аны алып бер, муну алып бер, деп айткан эмесмин. Колумдан келишинче кем карчымды өзүм толуктайм. Бир кызым, бир балам бар. Күйөөм кичине болсо дагы жардам бербейт. Акыркы күндөрү анын айынан көп нерв болчу болдум. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.08.2020, 16:29

Ширин Амантурова

Психолог

Саламатсызбы!

Айтканыңызга караганда үй-бүлөдө аялдын эле ролун эмес, күйөөнүн да жоопкерчилигин моюнуңузга илип алгандайсыз.

Жолдошуңуздун көз карашы калыптанган, чоң адам. Аны өзгөртөм деп ойлосоңуз жаңылышкан болосуз. Жалкоологу ата-энесинин, өсүп чоңойгон чөйрөсүнөн алган  тарбиясы десек болот.

Күйөөңүз менен ачык олтуруп, үй-бүлөдөгү сизди тынчсыздандырып жаткан көйгөйлөрдү, сизге анын колдоосу, жардамы керек болуп жаткандыгын айтыңыз.

Эгер жолдошуңузду көргөндө жиниңиз келип, нерв болуп жатсаңыз, көңүлүңүздү күйөөңүзгө эмес өзүңүзгө буруңуз.

Эсиңизде болсун сиз өзүңүзгө өзүңүз керексиз. Ошол себептен көптөн бери пландап жүргөн иш менен алек болуңуз, жакшы сапаттарыңызды көрө билгенди үйрөнүңүз. Таарынычыңыз кыйнап жатса, жакындарыңызга сырыңызды бөлүшүңүз, күйүтүңүздү ичке катпаңыз.

Негизи үй-бүлөдө болуп жаткан көйгөйдү чечүү үчүн эки тараптын тең сунушу, аракети болушу керек.

Бул жактан кошумча маалымат окуп алсаңыз болот:

https://bilesinbi.kg/article/3663_Joldoshym_jakshy_kishi_birok_jalkoo_Ish_kylyyga_kantip_yndoym_Psihologdyn_keneshi/

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт