Коронавирус жүрүп жатканда кош бойлуулукту пландай берсе болобу?
Саламатсызбы. Мен сентябрь айына боюма бүтурүүнү пландап жаткам. Бирок кээ бир тааныштар, вирус жүрүп жатканда 3-4 жыл төрөбөй туруш керек экен, деп айтышты. Абдан коркунучтуу, ооруп калсаң балага зыяны тиет, дейт.
Эмне кылайын? Чындап эле зыяны тийип калабы? Анын үстүнө күзүндө экинчи толкуну болот деп жатышат го?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Башка вирустар сыяктуу эле, коронавирус кош бойлуулуктун алгачкы айларында көбүрөөк коркунуч туудурат. Бойдон түшүп калуу же түйулдүктүн өспөй калуу тобокелдиги жогору.
Ошондой эле, эгер аял алгачкы айларда ооруп калса, айрым препараттарды иче албайт. Пневмония деген диагнозду аныктоо үчүн жасалуучу компьютердик томография, рентген сыяктуу процедураларды жасатууга болбойт.
Азыркы күнгө чейин вирустун өзү ичтеги бала үчүн канчалык кооптуу экени аягына чейин изилдене элек. Бирок көпчүлүк кош бойлуу айымдар көз жарып, алты саны аман балдар төрөлүп жатат.
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка