Балам бир жаштан ашты бирок баса элек. Эмне кылышым керек?
Саламатсызбы. Чыгарып коесузбу? Менин балам 1 жаш 3 айлык. Баса элек, салмагы аз, тамака табити жок. Төрөлгөнүнөн баштап эле смесь берем. 4 ай мурун педиатрыбыз “Океанс бейби” витаминин жазып берген, ошону ичти. Андан башка эмне кылсам болот?
Элнура Жумашева
Педиатр
Саламатчылык. 1 жаш 3 айлык бала басып калышы керек эле. Арык, аппетити начар деп жазып жаасыз. Демек, бала алсыз болуп төрөлгөн. Балким каны аз, ошондон улам, алы жок, баса албайт.
“Океанс бейби” препаратынын курамында керектүү витаминдер бар. Бирок алар балаңызга жардам бербейт.
Баланы педиатрга көрсөтүп, консультация алыңыз. Андан тышкары массаж алуусу зарыл. Укалоо баланын булчуңдарын иштетип, басышына жардам берет.
Балаңыз ден соолукта болсун!
Педиатр Элнура Жумашева менен инстаграмдагы @elnura_maratovna_pediatr баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?
Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет
Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?