// //

Жездем "эжең кайда" деп бычак такап коркутту. Кимге кайрылсам болот?

2020.08.12, 13:34
1043

Саламатсызбы! Эжем күйөөсү менен ажырашкан. Күйөөсү ичет, жашабайм дегенине карабай артынан коркутуп жүрөт. Жумушунан келатканда жолдон тосуп бычак такаган күндөрү дагы болгон. Эми эжем башка жакка кетип калса,"Эжең кайда?" деп мага бычак такап коркутту. Кимге кайрылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.08.2020, 13:36

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Ал адамдын кылган аракети кылмыш болуп эсептелинет. Тактап айтканда, анын аракеттеринде Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 266-беренисин 1-бөлүгүндө көздөлгөн кылмыштын курамы бар. Анда: "Ээн баштык, башкача айтканда зомбулук кылуу, же болбосо аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо кара өзгөйлүгү менен айырмаланган орунсуз аракеттерди жасоо, өзгөчө оройлук менен жасалган, башкача айтканда башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу менен коштолгон, же өмүргө жана ден-соолукка коркунучтуу эмес зомбулукту колдонуу, же аны колдоном деп коркутуу менен коштолгон коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин атайылап одоно бузган аракеттер", - деп көрсөтүлгөн.

Демек, сиз бул факт боюнча милицияга арыз менен кайрылууңуз керек.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт