Өзүм жоолук салынып, намаз окуйм. Хабибдин беттештерин көрсөм эч нерсе болбойбу?
Саламатсызбы! Мен эки баланын апасымын. Жоолук салынам, намаз окуйм. Эрежесиз эр уруштарды көп көрөм. Өзгөчө Хабибдин беттештерин. Эч нерсе болбойбу?
Кадыр Маликов
Теолог
Бул этикага байланыштуу суроо. Хиджаб салынасызбы же салынбайсызбы айырмасы жок, эгер сиз кудайга ишенген жана андан корккон адам болсоңуз, анда уят нерселерди гана эмес, зордук-зомбулукту демонстрацияланган нерселерди көрүүдөн дагы сактанышыңыз керек.
Аялды кудай назик, боорукер кылып жараткан. Андыктан аялдын мыкаачылыктын белгилүү бир түрүн көргөнү, аны жактырганы туура болбой калат.
Бул эми сөзсүз эле динге байланыштуу эмес, көбүнчө этикалык суроо, адамдын өзүнөн көз каранды. Ар бир аял өзү түшүнүп, бир чечимге келиши керек.