Ала-Тоо университетинин магистратурасына кантип тапшырса болот?
Саламатсызбы. Ала-Тоо университетинин магистратурасына кантип тапшырсак болот? Кандай документтер керектелет? Сураныч жооп алып бересизби?
“Ала-Тоо” Эл аралык университетинин пресс-кызматы
«Ала-Тоо» Эл аралык университети 2020-2021-окуу жылында окутуу толук түрдө англис тилинде жүргүзүлгөн контракттык негиздеги 2 жылдык магистердик программаларын ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнө сунуштайт. Биздин окуу жайыбызда бакалавриаттан кийин билим алууну өркүндөтүү менен илимий-изилдөөгө багыт алган талапкерлер үчүн түрдүү багыттагы магистердик программалар бар:
- “Информатика жана эсептөөчү техника”
- “Менеджмент”
- “Лингвистика”
- “Педагогика”
- “Экономика”
- “Филология”
- “Эл аралык мамилелер”.
Магистратура программаларында эмгектенген профессордук-окутуучулук курам чет өлкөдөн келген жана жергиликтүү жогорку квалификацияга ээ илимий адистерден турат.
Магистратурага тапшыруу үчүн керектелүүчү документтер:
1.Арыз
2.Бакалавр (адис) дипломунун түпнускасы
3.Дипломдун тиркемесинин көчүрмөсү
4.Сүрөт 3×4 өлчөмүндө, 2 даана
5.Паспорттун көчүрмөсү (документ кабыл алууда түпнускасын көрсөтүү зарыл)
6.Келишим
7.Жеке баракча (личный листок по учету кадров)
Чет өлкөлүк жарандардын эсине алуучу жагдай бар. Алардан паспорт, диплом жана дипломдун тиркемесинин нотариустан тастыкталган кыргыз же орус тилиндеги котормосу талап кылынат.
Документтерди кабыл алуу 2020-жылдын 1-июлунан 1-октябрга чейин жүргүзүлөт. Дарегибиз: Бишкек шаары, Тунгуч кичи району, Анкара көчөсү 1/8.
Суроолоруңуз болсо төмөнкү контакттарга кайрылсаңыз болот:
Тел.: +996312631425
Моб. тел.: +996555820000, +996500008796
Факс: +996312630409
Web-site: alatoo.edu.kg
Инстаграм: alatoo.edu.kg, master.alatoo
“Ала-Тоо” Эл аралык университети - дүйнөгө ачылган каалга!
Ала-Тоо университети тууралуу кошумча маалыматты бул жактан окусаңыз болот:
Кесип тандоо: Азыркы күндө юристтерге суроо-талап барбы?
Кантип англис тилин мыкты өздөштүрсөм болот? Англис тил мугалими айтып берет
ЖРТден балл жетишсиз болсо, кайсы окуу жайга тапшырса болот?