// //

Тайкем “бети жок кандай келинсиң, жанатан бери балаңды күйөөң карап жүрөт” деди

2020.08.11, 14:18
14425

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет таякеси жүрөгүн катуу ооруткан жаш келиндин окуясы баяндалат. 

"Ушундай ачуу сөздөрдү айтып уруша баштады"

Ошол күнү тойго барбай эле койсом болмок. Эч эле бутум тартпай жаткан. “Жүр, эс алып кел”,- деп, күйөөм болбой алып барган. 

Үч балам бар. Удаасынан төрөгөм, улуусу эми төрткө чыкты. Кайын энем каза болуп калган. Кайын атам оорукчан, төшөктө жатат. Баары менин мойнумда. Күнүмдүн кантип өткөнүн билбейм. Уйку деген нерсе көздөн учат.

Күйөөм жумушунан колу бошобойт. Эртең менен кетип, кечинде келип эле сулк  диванга жыгылат. Билем, катуу чарчайт, бирок баары бир меникине жетпейт. Ал жок дегенде сыртка чыгып жатат, менчи, төрөгөндөн бери төрт дубалдын ичиндемин. 

Жалаяк, памперс, ый, ботко, кайра, ботко, ый, памперс, жалаяк. Көрөйүн деген көзүм жок.

Апамдын бир тууган инисинин баласы үйлөнүп жатыптыр. Бизге да чакыруу келди. Дароо эле барбайм деп түртүп койдум. Андан көрө үй жумуштарымды бүтүрүп алганым оң.

- Жамал бир аз эс алып келесиң. Көптөн бери үйдөн дагы чыга элексиң.

- Өзүң бара бер, балдар менен жүдөйм.

- Эки баланы эжеме таштайбыз, кичүүсүн алып алабыз.

- Билесиң, Тимуш ыйлап жөн отургузбайт.

- Эч кабатыр болбо, эмизип эле берип турсаң, кечке өзүм карайм. Сен кичине алаксып, маанайын көтөрүлүп калат.

- Жок ай, барбайм.

- Жамал, жүрчү эми. Баланы өзүм карайм деп жатам го.

Күйөөм деле эки жакка алып барайын дейт, бирок жумушунан бошобойт. Минтип мүмкүнчүлүк болуп жатат деп көөшөрүп туруп алды. 

Сөзүнө туруп баланы кечке өзү карап жүрдү. Ыйласа эмизип берип коем, болду "сен эс ала бер" деп көтөрүп алып кетет. Аз да болсо жалаяктарды, мештеги боткомду унутуп чер жаздым.

Экинчи тамагын тарта баштады. Дасторконго келип, столумду жылдырып жатсам, жетимиштен ашып калган тайкем, “эй, бети жок кандай келинсиң, жанатан бери балаңды күйөөң карап жүрөт, бир алып койбодуң, бийлэээп жүрөсүң, тарбия алгансыңбы деги, үйүңдөн дагы балаңды карабайсың да э”. Нес болуп туруп калдым. Ушундай ачуу сөздөрдү айтып уруша баштады. Күйөөм келип, “кой” десе укпайт. Ак сакалдуу кишиге унчуга албай тойдон чыгып кеттик.

Жол бою ыйладым. Сөздөрү ушунчалык жүрөгүмө катуу тийди. Күйөөм “көңүлүңө албай эле кой, билбей туруп сүйлөй берет” дегени менен, токтоно албай койдум. Депрессия болуп сүтүм чыкпай, бир ай ооруп жатып калдым.

Урматтуу адамдар! Мен муну эмне үчүн айтып жатам. Үч чиедей балага, төшөктө жаткан кары адамды кошуп багуу кандай экенин билесиңерби? Төрт жылдан бери төрт дубалдын арасында отуруу кандай экенин билесиңерби? Уйкудан калсаң дагы үйүлгөн жалаяктарды жууп жүрүү кандай экенин билесиңерби? Кебетеңди күзгүдөн көргөндө жүрөгүң кандай эзилээрин билсиңерби? Эч ким, сыртынын күлүп жүргөн адамдын ичиндеги өрттү көрө албайт. Ооба, тойдо бийлеп чер жаздым, бирок мени эртеси баягы эле көр турмуш күтүп турган. Андыктан, бирөөнүн турмушун билип-билбей туруп сүйлөп, адамдын жүрөгүн оорута бербегилечи.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
12.08.2020, 15:35

Мен тушуном сизди. Таякениз да аялына уйуп салып проблеманы, озу жыргап жургон эркек экен да. Ошондой туугандын барынан жогу, катышпай коймокмун.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт