Кош бойлуумун, бөйрөгүм ооруйт. Кандай крем же мазь колдонсом болот?
Саламатсызбы. Эки бөйрөгүм сууктан ооруп калчу, УЗИге 2-3 жолу түшкөм. Бардыгы жакшы, деген жыйынтык чыкчу. Учурда кош бойлуумун, 17 жума болуп калды. Азыр деле оорутуп турат. Кандай кеңеш бере аласыз? Ооруну айыктыруу үчүн кандай мазь колдонсом болот?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Эгер кош бойлуулукка чейин бир нече жолу бөйрөгүңүздү текшертсеңиз, бардыгы нормалдуу деп чыкса, андан кийин кош бойлуулук учурунда анализ тапшырып, алар да эч кандай кооптонууну жаратпаса, демек көйгөй бөйрөктө эмес.
Балким, кыр арканын бел-көчүк (пояснично-крестцовый отдел позвоночника) тарабында көйгөй бар. Бул грыжа, протрузия ж.б. болушу мүмкүн.
Диагноз МРТ жасалгандан кийин гана коюлат. Тилекке каршы, кош бойлуулук учурунда бул процедураны жасоого болбойт.
Мен сизге болгону физикалык жумуш аткарууну азайтып, оор көтөрбөгүлө, бандаж тагынгыла, деп гана кеңеш бере алам. Жергиликтүү препараттардан "Феброфид" дегенди сунуштайм. Бирок аны 27 жумага чейин эле колдонсо болот. Кош бойлуулуктун акыры үч айында колдонууга тыюу салынат.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет