Чочконун этинен колбаса жасап иштейм. Мен күнөө кылып жатамынбы?
Саламатсызбы! Орустардын ашканасында иштейм. Ал жакта чочконун майынан котлет, колбаса жасайм. Мен күнөөлүү болуп калбаймынбы?
Кадыр Маликов
Теолог
Бул жерде суроо чочконун майын жана этин колуңа кармоодо эмес, анткени бул нерсе сизге эч кандай таасир бербейт. Кеп башкада, кудайга ишенген, мисалы мусулман адамга тыюу салынган продукциядан тамак жасоого же сатууга тыюу салынат, өзгөчө чочкодон. Исламда чочконун этин жегенге гана эмес, анын терисин, майын, сөөгүн, айтор ага байланышкан бардык нерсени колдонууга тыюу салынган. Ошондуктан, жакшысы аракет кылып, башка жумушка которулуп кеткениңиз туура болот. Ниет кылып, кудайдан татыктуу жумуш сураңыз. Мусулмандардын тыюу салынган азыктардан, ошол эле чочконун этинен тамак жасаганы уят, “нажис”, тактап айтканда таза эмес болуп эсептелет.