Кайын энем кызыман апасы мен экенимди жашырып жатат
Биз 6 жыл мурун жолдошум экөөбүз эки айрым жолго түшкөнбүз. Ортобузда бир кызыбыз бар, ал азыркы учурда 6 жашка толуп, 7 жашка карап калды. Быйыл мектепке барат. Биз ошол ажырашып жатканыбызда кызым өзүм менен кошо кеткен. Ал учурда кызым 11 айлык, сүт эмген кыз эле.
Эки жашында мен сырт жака иштөө үчүн кеттим. Кызым алысыраак туугандардын колунда калды. Ортодон 6 ай мезгил өткөндөн кийин, кайын энем байланышка чыкты мага, "мен деле багып берем, колу-бутум соо туруп, неберем башка жакта болуусуна көңүлүм ыраазы болбой жатат" деген сөздөрүн айтып, өз колу менен тил кат жазып кызымды убактылуу багып берем деп алып кеткен. Эми болсо кызыман апасы мен экенимди жашырууда.
Кызым үчүн мен дагы жөн карап турган жокмун, ар ай сайын акча котордум. Дагы деле болсо которуп келем, болгону акыркы үч айдан бери которо элекмин, анын толгон токой себептери бар. Биз ажырашуу жөнүндө арызды 2018-жылы бердик, ошол эле жылы биздин ЗАГС сот аркылуу кыркылды. ЗАГС кыркылган жылы мен кайрадан эле сыртка иштөө үчүн кеттим. Эми айтайын дегеним кызымды кандай жол менен алуум керек?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Биринчи кезекте, кыздын апасы сиз жана өзүңүздүн кызыңыздын талим-тарбиясында катышууга, аны менен байланышта болууга, сүйлөшүүгө толук укуктуусуз. Бүгүнкү күндөгү абалыңызды түшүнүп турам. Анткени, көп учурларда ажырашуудан кийин балдар апасы менен калат жана алар балдарын колунан келишинче багып келишет. Эгер балдар бир нерсеге өксүп калган болсо, бул нерсе үчүн энелер өздөрүн күнөөлүү сезишет.
Бирок, ошол эле учурда алардын атасы башка турмуш куруп эч ойлонбой, балдары экенин эстебей жүрө берет. Сизге айтайын дегеним акча жөнөтпөй жатамын деп кабатыр болбоңуз. Эгер кызыңызды беришпесе сот аркылуу алсаңыз болот.